Электрондук рецепт бүткүл өлкө боюнча терминалдык стадиядагы рак оорулуулары үчүн жеңилдетилген анальгетиктер үчүн колдонулат
23.06.2025
Онкологиялык оорулардын акыркы баскычында турган бейтаптарга паллиативдик жардам көрсөтүү максатында мамлекет морфинди кошкондо өтө күчтүү жана өмүр үчүн маанилүү болгон ооруну басуучу дары-дармектерге 90%га чейин арзандатуу менен жеткиликтүүлүктү камсыздайт.
Ооруну басуучу дары-дармектер Мамлекеттик кепилдиктер программасынын (МКП) алкагында ММК фонду менен кызматташкан дарыкана тармактары аркылуу берилет. Дары алуу үчүн үй-бүлөлүк дарыгерге же онкологго кайрылуу жетиштүү, алар электрондук рецепт жазып беришет.
Электрондук рецепт Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында бир айга чейин жарактуу болуп саналат: ал эми баңгизаттык жана күчтүү таасир этүүчү дарылар үчүн 14 күн, бул дарыларды алгач кайрылган жериңизге же регионго карабастан ММК фондунун системасына кошулган каалаган дарыканадан сатып алууга мүмкүнчүлүк берет.
Бишкек шаарына же кайсы бир аймактык Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна келген онкологиялык оорулуулар катталып, каттоодон өтүшү керек. Андан кийин бейтап жогорудагы артыкчылыктарды колдонууга укуктуу
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жарандарды консультация жана рецепт алуу үчүн жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлерге кайрылууга чакырат.
Арзандатылган күчтүү таасир этүүчү ооруну басаңдатуучу дары-дармектерди саткан дарыканалар тууралуу маалыматты ММК фондунун www.foms.kg расмий сайтынан же 113 күнү-түнү иштеген шыр байланышы аркылуу билсе болот. Бардык түзмөктөрдөн чалуулар акысыз.
Маалымдама:
Мамлекеттик кепилдиктер программасынын (МКП) алкагында 2024-жылдын 12 айында Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун (ҮМБ) жана Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун (ҮДТ) дарыгерлери тарабынан жарандарга 180 700 рецептер жазылса, анын ичинен 13 600 рецепт онкологиялык ооруулар менен ооруган бейтаптарга арналып, анын жалпы санынан 8%ды түзөт.
МКП боюнча 2025-жылдын 5 айында 104 000 рецепт берилге, анын ичинен 4 900 рецепт онкологиялык оорулууларга туура келет, бул жалпы сандын 5%ын түзөт.
Азыркы учурда, «Электрондук жеңилдетилген рецепт» маалымат базасына ылайык 25 фармацевтикалык уюм Кыргыз Республикасынын аймагындагы дарыканалар аркылуу жеңилдетилген рецепт боюнча баңги каражаттарын сатат.