Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

Фонд обязательного медицинского страхования

при министерстве здравоохранения

кыргызской республики

kg ru

Шашылыш медициналык жардам Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына ММК полиси жок акысыз көрсөтүлөт

25.07.2025

Туристтик сезондун кызуу мезгилинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММК фонду) Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына, ММК полисинин бар же жогоктугуна карабастан, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандарына да өлкө аймагында ыкчам жана шашылыш медициналык жардам өмүргө жана ден соолукка коркунуч жараткан абалдан чыгарылганга чейин дары-дармектер жана медициналык буюмдар менен камсыз кылууну кошкондо акысыз көрсөтүлөрүн эскертет. Ошондой эле, бул ММК полисин алган чет өлкөлүк жарандарга жана чет өлкөлүк студенттерге да тиешелүү.

Шашылыш медициналык жардам түшүнүгүнө эмне кирет?

Бул күтүлбөгөн жерден катуу кармаган ооруларда жана шарттарда, ошондой эле өнөкөт оорулар күчөгөндө, оорулуунун ден соолугуна олуттуу зыян келтирүүнү же өмүрүнө коркунучту болтурбоо үчүн токтоосуз кийлигишүү талап кылынган медициналык жардам.

Шашылыш консультациялык медициналык жардам

Менчигинин түрүнө карабастан медициналык уюмдарда дарыланып жаткан бардык жарандарга күнү-түнү жана дароо берилет. Ал өзүнө күндүзгү жана сырттан консультацияларды, ошондой эле адистер тарабынан практикалык жардам көрсөтүүнү камтыйт.

Буларды билүү маанилүү:

Бейтаптын абалы турукташкандан жана реанимация бөлүмүнөн пландуу дарылоого которулгандан кийин камсыздандыруу полиси жок болгон учурда кошумча төлөмдүн максималдуу суммасы кийинки медициналык жардам (КР жарандары), чет өлкөлүк жарандар үчүн прейскурант боюнча төлөнөт.

Шашылыш медициналык жардам алуу үчүн медициналык кызматкердин жолдомосу талап кылынбай тургандыгын эскертебиз. Тез жардам бригадасы тарабынан ооруканага жаткыруу жолдомо менен барабар.

No tags added.