Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

Фонд обязательного медицинского страхования

при министерстве здравоохранения

кыргызской республики

kg ru

ММК фонду балдар жана өспүрүмдөр арасында йод жетишсиздигинин коркунучу жөнүндө эскертет

10.09.2025

Окуу жылынын башталышы менен балдар мектепке жана бала бакчага кайтып келгенден кийин уйку басуу, тез чарчоо, эс тутумдун начарлашы жана көп ооруп калуу сыяктуу белгилер жөн гана чарчоодон эмес, организмдеги йоддун жетишсиздигинен кабар бериши мүмкүн.

Йод — калкан сымал бездин иштеши жана баланын мээсинин өнүгүүсү үчүн негизги элемент болуп эсептелет. Анын жетишсиздиги төмөнкүдөй кесепеттерге алып келиши мүмкүн:

• эс тутумдун, көңүлдүн жана окуу жөндөмүнүн төмөндөшүнө;
• бат чарчашына жана уйку басууга;
• иммунитеттин алсырашына жана көп ооруп калууга;
• теринин кургашына, тырмактын морт болушуна жана чачтын түшүүсүнө;
• тамак сиңирүүнүн бузулушуна жана боюнун жай өсүшүнө.

ММК фонду ата-энелерге белгилер байкалганда өз убагында үй-бүлөлүк дарыгерге консультация алуу үчүн кайрылууну сунуштайт. Эгерде көрсөтмөлөрү болсо, дарыгер баланы лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөргө (калкан сымал бездин УҮИ), эндокринологдун консультациясына жөнөтөт же йод препараттарын алдын алуу максатында кабыл алууну дайындоосу мүмкүн. 

Йод препараттарын ММКФ менен кызматташкан дарыканалардан 50%га чейин арзандатуу менен сатып алууга болот. Электрондук рецепти үй-бүлөлүк дарыгер жазып берет.

16 жашка чейинки балдар, анын ичинде жалпы билим берүү уюмдарынын жана медреселердин окуучулары – алар окуусун аяктаганга чейин, бирок 18 жаштан ашпаганга чейин камсыздандырылган категорияга кирээрин эскертебиз. Көрсөтмөлөр болгон учурда лабораториялык изилдөөлөр (бул лабораторияда аткарылган) Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында акысыз жүргүзүлөт.

ММКФ ата-энелерди балдардын ден соолугуна кылдат мамиле кылууга чакырат жана алдын алуу ар дайым дарылоого караганда жеңил жана натыйжалуу экендигин эске салат.

No tags added.