Сезондук оорулар: өз убагында медициналык жардамга кайрылуу маанилүү
27.10.2025
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) жарандардын ден соолугуна кам көрүүнүн маанилүүлүгүн, өзгөчө суук түшүп, сасык тумоолор менен вирустук инфекциялар көбөйгөн күз-кыш мезгилинде сак болууну эскертет.
Оорунун күчөп кетпеши үчүн өз алдынча дарылануудан баш тартып, Мамлекеттик кепилдиктер программасынын (МКП) алкагында камсыздандырылган статусуна карабастан Жалпы дарыгерлик практика борборлорунун (ЖДПБ) же Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун (ҮМБ) дарыгерлерине өз убагында кайрылуу маанилүү жана алар кепилденген медициналык жардамдарды бере алышат.
Акысыз медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегине төмөнкүлөр кирет:
• ооруларды алдын алуу;
• диагноз, анын ичинде дарыгердин кабыл алуусу жана консультациясы, анализдердин жыйынтыгын чечмелөө, көрсөтмөлөр болгон учурда шашылыш жардам көрсөтүү, дарылоону дайындоо, текшерүүгө же ооруканага жаткыруу үчүн жолдомо берүү;
• көрсөтмөлөр болгон учурда 12 түргө чейинки базалык лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү;
• дары-дармектер жана медициналык буюмдар (шприц, система) берилбестен, (кан тамырга, булчуңга, теринин астына (куюп) медициналык инъекцияларды жүргүзүү.
Эгер жаран камсыздандырылган болсо, анын мүмкүнчүлүктөрү кеңейет. Атап айтканда, дарыгер төмөнкүдөй кошумча түрдө акысыз дайындоолорду бере алат:
• 42 түргө чейинки лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө (көрсөтмөлөр болгон учурда);
• 50% арзандатуу менен УҮИ жүргүзүүгө жана рентгенографиядан өтүүгө;
• 50% арзандатуу менен күндүзгү стационарда кызматтарды алууга (дары-дармектер берилбестен) (кан тамыр аркылуу тамчылатып дарылоо);
• ММКнын Кошумча программасы боюнча жеңилдетилген дары-дармектерге (көрсөтмөлөр болгон учурда) 50% арзандатуу менен электрондук рецепт жазып берүүгө жана аларды ММК фонду менен кызматташкан дарыканалардан сатып алууга.
Бардык түрдөгү медициналык жардамдарды алуу үчүн жашаган жериңиз боюнча ҮМБнын же ЖДПБнын үй-бүлөлүк дарыгерине катталып, дарылоочу дарыгерден жолдомо алышыңыз керек.
ММК фонду эгерде медициналык кызмат көрсөтүүлөр боюнча суроолор болсо, күнү-түнү иштеген 113 шыр байланышына чалууңузду эскертет.