Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

Фонд обязательного медицинского страхования

при министерстве здравоохранения

кыргызской республики

kg ru

ММКФ: Камсыздандырылган жарандардын бардыгы эле жеңилдетилген дары-дармектерди пайдалануу укугуна ээ эмес

04.11.2025

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) камсыздандырылган жарандардын көпчүлүк бөлүгү ММКнын Кошумча пакети боюнча 50%га чейин арзандатуу менен дары-дармек алуу мүмкүнчүлүгүн колдонбой жатышат.

Бүгүнкү күндө ММК фондунун жеңилдетилген тизмесине 600дөн ашуун дары каражаттарынын соода аталыштары киргизилген жана алардын бардыгын электрондук рецепт болгон учурда арзандатылган баада сатып алууга жеткиликтүү. Бирок, көпчүлүк жарандар бул мамлекеттик колдоону пайдаланышпайт.

«Арзандатылган дары-дармектерди алуу үчүн үй-бүлөлүк дарыгерге бир жолу эле баруу жетиштүү. Биз бул процессти адамдар үчүн мүмкүн болушунча жеңил жана ыңгайлуу кылдык», — деп ММКФда баса белгилешти.

Өзгөчө Чүй жана Талас облустарында жеңилдиктерди пайдалануу көрсөткүчү өтө төмөн деңгээлде байкалууда.

Ошол эле учурда бул мүмкүнчүлүктү пайдалануу өтө жөнөкөй:
1️. ММК боюнча камсыздандырылган болушу керек;

2. Үй-бүлөлүк дарыгерге катталып, кайрылышы керек;
3. Көрсөткүчү болгон учурда электрондук рецепт берилет
;
4. Бир айдын ичинде ММКФ менен кызматташкан каалаган дарыканадан дары-дармектерди 50%га чейинки арзандатуу менен сатып алса болот.

ММКнын Кошумча пакетин пайдалануу үй-бүлөлөрдүн дарыланууга кеткен чыгымдары кыскартууга, дарылоону үзгүлтүксүз жүргүзүүгө жана оорулардын күчөп кетишин алдын алууга мүмкүндүк берет. Ошентип, жеңилдетилген рецепттер аркылуу жүрөк-кан тамыр ооруларын, бронхиалдык астманы, психикалык бузулууларды дарылоого арналган дары-дармектерди, кеңири түрдөгү бактерияга каршы каражаттарды, гормоналдык төрөттү алдын алуучу дары-дармектерди, анемияны дарылоодо колдонулуучу темир камтыган дары каражаттарын жана башка дары-дармектерди сатып алууга ж.б. болот.

Жеңилдетилген дары-дармектердин тизмеси жана компенсация өлчөмдөрү менен ММКФнын расмий веб-сайтында кеңири таанышууга болот: https://foms.kg/spavochniki/

ММКФ камсыздандырылган жарандарды жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз кылуу укугунан пайдаланууга жана зарыл болгон учурда үй-бүлөлүк дарыгерлерге консультация алуу үчүн кайрылууга чакырат.

Маалымдама: 2025-жылдын 9 айы үчүн Үй-бүлөлүк медициналык борборлорунун (ҮМБ) дарыгерлери тарабынан 1 334,8 миң жеңилдетилген электрондук рецепт жазылган, анын ичинен ММКнын Кошумча пакети боюнча  — 1 150,9 миң (86%). ММКФ тарабынан дарыканаларга компенсация 302,2 млн сомду (85%) түздү.

No tags added.