Евразиялык экономикалык бирлигинин Сотуна кайрылуу боюнча Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан берилген түшүндүрмө
28.01.2026
Жакында өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы А.К.Муканов Кыргыз Республикасынын эмгекчил жарандарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо боюнча Евразиялык экономикалык бирликтин алкагында көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилген.
Буга байланыштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Евразиялык экономикалык бирлигинин Сотуна кайрылуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тапшырмасы боюнча демилгеленген жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Сот өкүлчүлүгү борбору аркылуу берилген. Кайрылуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразиялык экономикалык бирлик жөнүндө келишимдин 98-беренесинин 3 жана 4-пункттарын мүчө мамлекеттердин үй-бүлө мүчөлөрү – ЕАЭБдин мүчөлөрү үчүн социалдык камсыздоого, анын ичинде милдеттүү медициналык камсыздандырууга жеткиликтүүлүк жагын түшүндүрүүгө байланыштуу болгон.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду ЕАЭБ алкагында өз милдеттенмелерин туруктуу аткарып келе жатканын белгилейт. Кыргыз Республикасында Бирликтин мүчө мамлекеттеринен өлкөнүн аймагында мыйзамдуу түрдө жүргөн эмгекчилердин үй-бүлө мүчөлөрү Мамлекеттик кепилдиктердин программасына ылайык милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасында медициналык жардамга жетүү мүмкүнчүлүгү менен камсыз болушту.
Кыргыз Республикасынын эмгекчил жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ЕАЭБдин башка мүчө мамлекеттеринде милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасына жеткиликтүүлүгүн камсыздоо маселеси Бирликтин жумушчу органдарынын, өкмөттөр аралык комиссиялардын жана консультациялык аянтчалардын алкагында кыргыз тарап тарабынан туруктуу негизде көтөрүлүп турат. ЕАЭБ сотуна кайрылуу интеграциялык бирикменин алкагындагы диалогдун бир бөлүгү болуп саналат.