Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

Фонд обязательного медицинского страхования

при министерстве здравоохранения

кыргызской республики

kg ru

Чарчоо – ар дайым эле стресс эмес. Гемоглобиндин деңгээлин акысыз текшериңиз.

04.03.2026

Ар дайым алсыздык, уйку басуу, баш айлануу сыяктуу белгилерди көптөр чарчоо же стресс деп жүрүшөт. Бирок мунун себеби гемоглобиндин (анемия) төмөн деңгээли болушу мүмкүн.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММК фонду) өз убагында жүргүзүлгөн диагностика ден соолукка олуттуу кесепеттердин алдын алууга жардам берээрин эскертет.

Кыргыз Республикасынын ар бир жараны камсыздандырылган статусу жок болгон учурда да медициналык кызматтардын базалык пакетин алууга укуктуу.

Тизмеге 12 түр кызмат кирет, анын ичинде гемоглобиндин деңгээлин аныктоо үчүн кандын жалпы анализи да бар. Изилдөөдөн акысыз өтүү үчүн төмөнкүлөр зарыл:

• Үй-бүлөлүк медицина борборуна (ҮМБ) же Жалпы дарыгердик практика борборуна (ЖДПБ) катталуу;

• үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуу;

• лабораториялык изилдөөлөргө жолдомо алуу.

Ушул шарттар сакталса, анализ акысыз жүргүзүлөт.

ММК полиси болсо, медициналык жардамдарга жеткиликтүүлүгү кеңейерин эстеп жүрүү өтө маанилүү. Камсыздандырылган жарандар төмөнкүлөрдү ала алышат:

• 40тан ашык лабораториялык изилдөөлөрдүн кошумча түрлөрү (биохимия, гормоналдык анализ ж.б.);

• жеңилдетилген дары-дармектер 50%га чейин арзандатуу менен;

• инструменттик изилдөө (УЗИ, рентгенография ж.б.);

• Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында башка кызмат көрсөтүүлөр.

Эгер акысыз анализден баш тартышса же жеңилдетилген рецепт алуу боюнча суроолор келип чыкса, ММК фондунун күнү-түнү иштеген 113 шыр байланышына кайрылыңыз. Чалуулар акысыз. Адистер сиздин камсыздандырылган статусуңузду текшерип, ММК полисин тариздөө тартибин түшүндүрүп беришет.

No tags added.