Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Фонд обязательного медицинского страхования

при министерстве здравоохранения

кыргызской республики

kg ru

Бейтаптарга дары-дармектерге 90%га чейин арзандатуу берилет

26.01.2022

Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында жеңилдетилген категориядагы бейтаптарга дары-дармектерге 90%га чейин арзандатуу берилет.

Жеңилдиктер каралган категорияга кирген талма, шизофрения, аффективдүү бузулуштар менен жабыркаган бейтаптарга жеңилдетилген дары-каражаттар эки программа менен каралган

*Биринчи-  Мамлекеттик кепилдиктер программасы бейтаптарга дарыларды алууда 90% женилдиктерди пайдаланууга укук берет.

*Экинчи -  Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун Кошумча программасы аркылуу бейтаптарга дарыларды алууда 50% жеңилдиктерди пайдаланууга укук берет.

Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча ММК Фондунун аймактык башкармалыгы менен келишим түзгөн дарыканалардан төмөнкү дарыларды ала алышат, бир жылдык дозалары көрсөтүлгөн.

- клозапин таблеткалар же хлорпромазин - 17 000 мг.;

- амитриптилин таблеткалары – 14 500 мг.;

- клоназепам таблеткалары - 560 мг.;

- фенобарбитал таблеткалары - 38 000 мг.;

- карбамазепин таблеткалары -140 000 мг.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун Кошумча программасы аркылуу 50% жеңилдиктер менен берилүүчү дарылар боюнча маалымат менен ММК Фондунун сайтынан таанышса болот.

(http://foms.kg/page/medfacilities) Маалымдамага кирген “ Милдеттүү медициналык камсыздандыруу Кошумча программасы, Мамлекеттик кепилдиктер программасы менен жеңилдетилген баада сатып ала турган дарыларды амбулатордук шартта колдонсо болот.

Жеңилдетилген баадагы дарыларды алуу керек болсо, рецепт жаздырыш үчүн өзү каттоодо турган ҮМБ/ҮДТ топторуна кайрылуу керек. Жашаган жерине каттоодо туруу менен камсыздандырылган же ММК Полисинин болушу менен “Маалымдамага” кирген дарыларга жеңилдиктерди пайдалана аласыздар.

No tags added.