Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

Фонд обязательного медицинского страхования

при министерстве здравоохранения

кыргызской республики

kg ru

ММКФ: Эгер ооруканада негизсиз төлөм талап кылынса, анда эмне кылуу керек

22.05.2026

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) камсыздандырылган жарандар акысыз же жеңилдетилген медициналык жардам алууга укуктуу. Ал укук Мамлекеттик кепилдиктер программасы (МКП) менен бекемделген.

113 шыр байланышына жарандардын кайрылуусунун эң кеңири тараган себептеринин бири болуп стационардык дарыланууда жаткан бейтаптар медициналык кызмат көрсөтүүлөр үчүн, дары-дармектерди же керектелүүчү материалдарды сатып алуу боюнча негизсиз төлөм төлөө талаптарына дуушар болушу болуп саналат.

Ушуга байланыштуу, мындай учурларда бейтап кандай аракет кылышы керектиги боюнча алгоритмин жарыялайбыз:

  1. Дарылоочу дарыгерден дайындалган процедура же манипуляция Мамлекеттик кепилдиктер программасына кирерин тактаңыз. Камсыздандырылган жарандар үчүн негизги медициналык кызматтардын көпчүлүгү акысыз көрсөтүлөт (медициналык кызматтардын тизмеси менен ар бир бөлүмдө жайгаштырылган маалымат такталарынан өз алдынча таанышсаңыз болот).
  2.  Дары-дармектердин бар-жогун текшериңиз. Эгер медициналык персоналдар сизден дарыларды өзүңүз сатып алууну суранышса, күн сайын илинип туруучу жеткиликтүү дарылардын тизмесине көңүл буруңуз.  Эгер керектүү дары тизмеде бар болсо, оорукана аны сизге бекер берүүгө милдеттүүаны сатып алуунун кереги жок.
  3. Эгерде медициналык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө талап кылынса, бул талаптардын негиздүүлүгүн текшерүү үчүн оорукананын бөлүм башчысынан же оорукананын администрациясынан түшүндүрмө сураңыз.
  4. Төлөмдү касса аркылуу гана жүргүзүңүз. Ар кандай төлөмдөр медициналык мекеменин кассасы аркылуу жүргүзүлүп, сөзсүз түрдө расмий кассалык чек берилүүгө тийиш.
  5. Эгер жаңжал кырдаалдар жеринде чечүү мүмкүн болбосо, ММКФнын күнү-түнү иштеген 113 шыр байланышына кайрылыңыз.

Жарандар өз укуктарын билип, кайсы медициналык кызматтар мамлекеттик кепилдиктердин алкагында көрсөтүлөрүн түшүнүшү зарыл. Бул калкка болгон финансылык жүктү азайтууга жана саламаттык сактоо системасына болгон ишенимди жогорулатууга мүмкүндүк берет.

No tags added.