Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

Фонд обязательного медицинского страхования

при министерстве здравоохранения

кыргызской республики

kg ru

Кыргызстанда балдарды ооруканага жаткыруу: ата-энелер эмнени билиши керек

28.05.2026

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) ата-энелерге республикадагы стационарларда медициналык жардам алуу учурунда балдарынын укуктары тууралуу эскертет жана ооруканага жаткырылганда кайсы кызматтар үчүн төлөө керек, ал эми кайсылары үчү төлөөнүн кереги жок экенин түшүндүрөт..

Кыргызстанда 18 жашка чейинки бардык балдар Мамлекеттик кепилдиктер программасына (МКП) ылайык жеңилдетилген категорияга кирет жана мамлекеттин өзгөчө коргоосунда болот. Бирок берилүүчү жеңилдиктердин көлөмү баланын жашына жана ооруканага жаткырылган түрүнө жараша болот.

1. 6 жашка чейинки балдар:

6 жашка чейинки балдар (кошо алганда) стационарларда толугу менен акысыз медициналык жардам алууга укуктуу.

  • Ооруканага түшкөндө (шашылыш да, пландуу да) ата-энелер көрсөтүлгөн медициналык кызматтар үчүн төлөм төлөшпөйт.
  • Кошумча төлөм талап кылынбайт.

2. 6 жаштан жогору балдар:

Эгер бала 6 жаштан жогору (18 жашка чейинки) балага ооруканада пландуу дарылануу талап кылынса, ата-энелер ашыкча төлөмдөрдү төлөбөш үчүн төмөнкүдөй тартипти так сактоосу зарыл:

  1. Үй-бүлөлүк дарыгерге баруу: Жашаган жериң боюнча ҮМБ/ҮДТга өзүңдүн үй-бүлөлүк дарыгериңе кайрылыңыз.
  2. Акысыз анализдер: Бейтапкана деңгээлиндеги акысыз базалык лабораториялык диагностикалык изилдөөлөрдү алыңыз.
  3. Жолдомо алуу: Стандарттык текшерүү пакетин толтургандан кийин, дарыгер жолдомо берет.

Ооруканага жаткырылганда акысыз медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесине эмнелер кирет

Бала стационарда жаткан учурда акысыз кызматтардын тизмесине төмөнкүлөр кирет:

  • Консультация, кароо, дарылоону дайындоо, анын ичинде операцияларды жасоо жана анестезия (наркоз).
  • Бул ооруканада жеткиликтүү болгон бардык лабораториялык анализдер жана инструменттик изилдөөлөр.
  •  “Жашоого маанилүү дары-дармек каражаттарынын тизмесинен” дары-дармектерди берүү, анын ичинде сарпталуучу материалдар (шприцтер, системалар, пахта ж.б.).
  • Өзгөчө учур: Эгерде балага клиникалык көрсөткүчтөр боюнча ушул стационарда жүргүзүлбөгөн атайын анализдер же изилдөөлөр талап кылынса, алардын акысы ата-энелер тарабынан өзүнчө төлөнөт. Бул жөнүндө дарылоочу дарыгер алдын ала эскертүүгө милдеттүү.

Маанилүү: эгерде балаы жаш курагына карабастан ата-энеси үй-бүлөлүк дарыгердин жолдомосуз пландуу ооруканага жаткырууга алып келсе, ооруканага жаткыруу үчүн кошумча төлөм алынат.

Шашылыш түшкөндө (тез жардамда же өмүргө коркунуч туудурган шарттарда) жолдомо талап кылынбайт – медициалык жардам дароо жана акысыз көрсөтүлүшү керек.

Эгер суроо болсо, ММК фондунун күнү-түнү иштеген 113 шыр байланшына чалыңыз. Чалуулар бардык түзмөктөрдөн акысыз.

No tags added.