Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Фонд обязательного медицинского страхования

при министерстве здравоохранения

кыргызской республики

kg ru

Талас облустук медициналык колледжинин студенттери менен жолугушуу өткөрүлдү

23.12.2021

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун кызматкерлери тарабынан Мамлекеттик кепилдиктер программмасы, жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз кылуу, ММК полиси боюнча медициналык жардам алууда калктын маалымдуулугун, укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, электрондук рецептерди колдонуу жана бейтаптардын укуктарын коргоо максатында Талас облусундагы Талас облустук медициналык колледжинин студенттери менен жолугушуу өткөрүлдү.

Мамлекеттик Кепилдиктер программасы боюнча медициналык-санитардык жардам алууда өз укуктары жана ММК кошумча программасынын алкагында үй-бүлөлүк дарыгерлер жазган рецепттердин негизинде жеңилдетилген дары-дармектер менен камсыздоо боюнча маалыматтарды беришти.

Кош бойлуу айымдардын амбулатордук шартта медициналык жардамдарды алууда жеңилдиктерди жашаган жери боюнча ҮДТ да каттоодо туруусу зарыл, ММК полиси бекер жана стационардык шартта дарыланганда камсыздандырылган жаран катары бекер экени эскертилди.

Жолугушууга катышкан студенттер берилген маалыматтарга ыраазычылык билдиришти.

Кыргыз Республикасынын бардык жарандары үчүн «113» ыкчам байланыш (шыр байланыш) телефону аркылуу бардык суроолорго жооп алууга болот жана бардык уюлдук телефондорунан чалуу акысыз боло тургандыгы боюнча маалыматтар берилди.

No tags added.