Акысыз жана жеңилдетилген шартта медициналык кызмат алуу үчүн кандай шарттар каралган?
10.02.2022
Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында акысыз жана жеңилдетилген шартта медициналык кызмат алуу үчүн кандай шарттар каралган?
Акысыз жана жеңилдетилген шартта медициналык-санитардык жардам төмөнкү документтердин негизинде көрсөтүлөт:
- паспорт;
- 16 жашка чейинки балдар үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк алганга чейин туулгандыгы тууралуу справка;
- пенсиялык күбөлүк;
- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу Полиси (ММК Полиси)
Ошондой эле:
үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун;
үй-бүлөлүк медицина борборлорунун;
жалпы дарыгерлик практика борборлорунун;
ведомстволук медициналык кызматтын;
аскердик-дарыгерлик комиссиянын;
ооруканалардын кеңеш берүү-диагностикалык бөлүмдөрүнүн адистери тарабынан лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөргө, ооруканага жатууга жазылган жолдомо.