Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Фонд обязательного медицинского страхования

при министерстве здравоохранения

кыргызской республики

kg ru

Гипертония оорусун кантип алдын алса болот?

01.03.2022

Ар жылы дарыгерлер амбулатордук деңгээлде гипертониялык ооруларды эркектердин жана аялдардын арасынан табышат, бирок алардын жарымы өздөрүндө коркунучтуу оору бар экенине шектенишпейт.

2020-жыл боюнча караганда, биринчи жолу 23 865 адам жогорку артериалдык кан басымы менен жаңы табылып, биринчи жолу каттоого алынышкан. (КР ССМ алдындагы Республикалык электрондук саламаттык сактоо борборунун маалыматы).

Гипертониялык оорусунун кабылдоолорун азайтуу, ошондой эле ( инсульт, инфаркт жана башка оорулардын ) оор кесепеттеринин алдын алуу үчүн профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү зарыл жана өз учурунда медициналык кызматкерлерге кайрылуу керек.

“Көпчүлүк жарандарыбыз кан басымын билишпейт жана ченеп турушпайт. Үзгүлтүксүз кан басымын жок дегенде жылына 2 жолудан ченетип турушу керек. Ал үчүн өздөрү жашаган чөлкөмдөгү үй-бүлөлүк дарыгерлерге көрүнүп, акысыз кеп-кеңештерин угуп, кан басымын ченетүү керек. Ооруга карата шектенүүлөрдүн пайда болуусу менен, дарыгер жаранды инструменталдык (ЭКГ) жана лабораториялык изилдөөлөргө жиберет. Жогорудагы көрсөтүлгөн медициналык кызматтардын баарысы Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында жүргүзүлөт.

ММК Фонду өзүбүздүн жарандарыбызга эскертет, өздөрүнүн укуктарын пайдалануу менен дарыгерлердин кароосунан өтүп туруулары зарыл.

Акысыз анализдерден (кандын жана зааранын жалпы анализи, кандагы жана заарадагы кантты аныктоо, кандагы холестеринди аныктоо) өтүш үчүн үй-бүлөлүк дарыгердин жолдомосу керек.

Жарандарга жогорудагы көрсөтүлгөн медициналык кызматтарды алуу үчүн негизги шарт болуп үй-бүлөлүк дарыгерге катталуусу керек.

Суроолор пайда болгон учурларда ММК Фондунун 113 Ыкчам байланыш ММК телефонуна дем алыш күндөрдөн башка убактарда саат 9.00-18.00 чейин чалсаңыздар.

No tags added.