Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

Жеңилдетилген гемодиализ

Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандарды бюджеттик программалык гемодиализге которунун тартиби (2022-жылдын 27-декабрындагы
№ 1498 “Өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги 5-стадиядагы бейтаптар үчүн диализдик
кызматтын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жөнүндө” буйругунан)

         2022-жылдын март айынан тартып 5-стадиядагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооруган бейтаптардын тизмесин түзүү жана бюджеттик гемодиализге өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин комиссиясынын жыйыны Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда өтөт.

         Комиссиянын отуруму ар шаршемби күнү саат 14.00дө же зарылчылыкка жараша өткөрүлөт. Шаршемби майрам же дем алыш күнгө туш келсе, Комиссиянын отуруму иш эмес шаршемби күндөн кийинки биринчи жумушчу күнү өткөрүлөт. Гемодиализди бюджеттик программага которуу үчүн бардык зарыл документтер Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:

Бишкек ш., Чүй пр., 122, кеңсе 105 (Панфилов жана Киев көчөлөрүнүн кесилиши).

Документтер дем алыш күндөрүнөн тышкары күн сайын саат 9.00дөн 18.00гө чейин кабыл
алынат.

Документтерди электрондук почта дарегине да жөнөтсө болот:

 

mail@foms.kg foms.foms@mail.ru


        Керектүү документтердин тизмеси жана арыздын үлгүсү ММК Фондунунсайтында жайгаштырылган.

        Комиссиянын отурумунун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечим Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун сайтынажайгаштырылып, анда медициналык мекемеге которулган бейтаптардын фамилиясынын, атасынын атынын башталгыч тамгаларын жана туулган датасыstrong> көрсөтүлөт.
       Кошумча суроолор боюнча ММК фондунакайрылыңыз же 113 ишеним телефонуна чалыңыз (бардык телефон операторлорунун чалуулары акысыз).

 

Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
- бейтапты жана жакындарын комиссиянын жыйналышына чакырууга жана пикирлерин
угууга;

- бейтаптарды бюджеттик диализге которуу жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн
Комиссияга зарыл болгон бардык маселелер боюнча саламаттык сактоо уюмдарынан
медициналык документтерди жана корутундуларды алууга;
- диализ алуу аралыгын сактабаган жана жүйөлүү себептерсиз 20 күн бою диализ албаган,
дарыгердин көрсөтмөлөрүн жана сунуштарын системалуу түрдө бузган бейтаптарды
бюджеттик программадан чыгарууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Министрлер
Кабинетинин чечимдери, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин
жана ММК фондунун чечимдери менен аныкталган башка укуктарга ээ.

- диализге көрсөтмөлөр жок учурларда;
- диализге каршы көрсөтмөлөрү бар болгон учурларда;
- комиссиянын кароосуна зарыл документтер жок болгондо

Бюджеттик диализ программасына киргизүү үчүн Комиссиянын кароосуна төмөнкү
документтер берилиши керек:
- пациенттин жана/же анын өкүлдөрүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Саламаттык
сактоо министрлигине (жана/же Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо
министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна) жеке өзү
жазган же Саламаттык сактоо министрлигине (жана/же Кыргыз Республикасынын
Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу
фондуна) электрондук почта аркылуу жөнөтүлгөн арыз;
- Кыргыз Республикасынын инсандыгын жана жарандыгын тастыктаган паспорттун
көчүрмөсү;
- талаптарга ылайык түзүлгөн Кыргыз Республикасынын орто жана үчүнчү деңгээлдеги
мамлекеттик медициналык уюмдарынын нефрологдору тарабынан программалык
бюджеттик гемодиализге көрсөтмөлөрдү ырастоо, адистин сунушу менен, вирустук
гепатит, ВИЧ/СПИД боюнча жыйынтыгы менен амбулатордук же стационардык
пациенттин медициналык картасынан көчүрмөлөр

Экинчи деңгээлдеги мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарына аймактык ҮМБлар,
аймактык бириккен ооруканалар ж.б. кирет.

Үчүнчү денгээлдеги коомдук саламаттык сактоо уюмдарына УКжТБ, КР ССМнин УГ,
УХБ ж.б. кирет.
Төмөнкү категориядагы адамдардын арыздары кезексиз каралат:
- бала кезинен майыптыгы бар;
- бөйрөктү ийгиликсиз трансплантациялоодон кийин (тастыктоочу документтер бар
болсо);
- бөйрөк алмаштырууга кеткен, бирок ар кандай себептер менен трансплантациядан
өтпөгөндөр;
- 20 жылдан ашык эмгек стажы бар Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо
кызматкерлери.

МБ аталышы Дареги Телефон, эл/почта (e-mail
Бишкек шаары
1 «Кэйр Групп» ЖЧКсы Бишкек ш., Ч.Айтматов көч., 16 0557 500 144, gemodializ.kg@mail.ru
2 «Вита Мед Лтд» ЖЧКсы Бишкек ш., Байтик Баатыр көч., 36 0 (312) 56-39 -74; 0770 06 60 00; 0507 06 60 01; info@vitamed.kg
3 «Нефро Центр» ЖЧКсы Бишкек ш., Москва көч.,188 а 0556 011284; nefrocenter@yandex.ru
4 «Нефро Центр» ЖЧКсынын филиалы Бишкек ш., Жукеев-Пудовкин көч.,85/б 0709262209; 0778662944; nefrocenter@yandex.ru
5 «Клиника №1» ЖЧКсы Бишкек ш., Манас көч. 170/1 (0312) 32- 01- 07; 0706 11 99 00; clinic.n1@mail.ru
6 «Юникомпания» ЖЧКсы Бишкек ш., Чынгыз Айтматов көч., 299/4(1 этаж) (0312) 88- 27- 24; 0550 30 66 66; Djai74@mail.ru
7 «Диамед Центр» ЖЧКсы Бишкек ш., Чон-Арык а/а, Семетей көч. №39 (0312) 44-18-68; 0507030200; 0550 42 55 55; 0702 12 22 88; kg.diamed@gmail.com
8 «Нефрологический центр «Диалайф» ЖЧКсы Бишкек ш., Курманжан Датка көч. 246 0700 43 43 43; 0708 60 24 32; dialife2019@gmail.com
9 «Диалайф» - нефрологиялык борбору ЖЧКсы Бишкек ш., Исанов көч. 85 0709 31 11 01; 0708 60 24 32; dialife2019@gmail.com
Ош областы
10 «Турк-Мед» ЖЧКсы Ош шаары, Монуев, б/н 0552 626 355; 0999 16 40 00; ermek2005@list.ru
11 «Умут Клиник» ЖЧКсы Ош шаары, Курманжан Датка көч., 162 «б» 0555 82 53 01; 0777 64 46 65; umutclinic@gmail.ru
12 «НУР» ЖЧКсы Ош шаары, Алиев 12 «Е» 555 64 95 82; medical_senter_nur@mail.ru
13 «Лечебно-Диагностический Центр Бэман» ЖЧКсы Ош шаары, Верхне-Увамский көч., 1/2 0551 57 90 05; k_omurbekova@mail.ru
14 «Вита Мед-Озгон» ЖЧКсы Ошская областы, Озгон р/н, Кароол а/б, Шералы айылы, Т.Акматов 4а 0775850850; 0995850850; vitauzgen@mail.ru
15 «Диамед-Ноокат» ЖЧКсы Ошская областы, Ноокат р/н, Ленин а/б 0550 42 55 55; 0704 45 45 47; 0772 42 62 93 kg.diamed@gmail.com
Жалал-Абад областы
16 «Евродиализ» ЖЧКсы Жалал-Абад шаары, Молодежный көч., 2 0779-040-809; 0559 22 22 40; 0706 22 22 41; evrodializ@mail.ru
17 «Евродиализ» ЖЧКсынын филиалы Ноокен р/н, Масы а/а, Шерматов көч.,60 0999 22 22 40; 0706 22 22 41; evrodializ@mail.ru
18 «Мединвест» ЖЧКсы Кочкор-Ата шаарчасы, Токтогул көч.,8 0700 89 67 93; 0554 01 25 94; badzu@mail.ru
19 «Али Мед Кей Джи» ЖЧКсы Таш-Комур шаарчасы, Строитель көч.,9/6 0703 787-478; alimedkgllc@gmail.com
Чүй областы
20 «Хаят Мед» ЖЧКсы Сокулук айылы, Калинин көч., 124 «А» 0505 204060; 0990 20 40 60; 0312 22 11 68; 0313 45 34 29; hayat_med@mail.ru
21 «Диамед центр» ЖЧКсы филиалы Москва району, Александровка айлы, Я.Шиваза көч., дом 43 0702 12 22 88; 0557 57 44 22; gulnuraja621@gmail.com
22 «Диамед центр» ЖЧКсы Токмок шаары, Жантаев көч., 21а 0550 30 30 51; 0702 12 22 88; gd-tokmok@mail.ru
23 ОсОО «Твоя Клиника» Токмок шаары, Жантаев көч., 21а 0558641440; tvoja.clinica.kb@gmail.ru 
Талас областы
24 Талас областык бириккен ооруканасы Талас шаары, Бердике Баатыр көч.,1 (03422) 5-12-72; 5-13-23; 5 13 25; 0703 73 00 88; talasoob@mail.ru
25 «Вита Мед Лтд» ЖЧКсынын филиалы Талас, Ч.Айтматов көч., 285 0505 06 60 01; 0559 06 60 01;vitatalas7@gmail.com
Баткен областы
26 «Саламат Госпиталь» ЖЧКсы Кадамжай р/н, Уч-Коргон а, РТС көч. б/н 0777 606767; 0557 606767; 0771 595989; salamathospital1@gmail.com
27 «Саламат Баткен» ЖЧКсы Баткен М.Салихов көч., 39 0774888820; salamatbatken1@gmail.com
Ыссык-Көл областы
28 Ыссык-Көл областык бириккен ооруканасы Каракол ш., Кутманалиев көч., 2 (03922) 5-94-31; 5-35-68; 0709 68 60 45; ioob-karakol@mail.ru
29 «Кармед» ЖЧКсы Каракол ш., Асаналиев көч.,30 0700 11 33 66; karmed_2019@mail.ru
30 «Альмагест» ЖЧКсы Каракол ш., Третьякеевич көч.,159 0702 54 01 14; 0556 37 37 99; serapova@list.ru; @ankamedicalcervis
31 «Альмагест» ЖЧКсы Чолпон-Ата ш., Советский көч. б/н 0500848222; 0550048675; serapova@list.ru;
32 “Альмагест” ЖЧКсынын филиалы Балыкчы ш, Акимканов көч. 63Б 0550048675; 0700 002108; 0552 20 16 08; Serapova@list.ru
33 «Диамед центр» ЖЧКсы Балыкчы ш., Турусбеков көч., 37 0702 12 22 88; 0703 32 86 53; kg.diamed@gmail.ru
Нарын областы
34 Нарынская областык бириккен ооруканасы Нарын ш., Качкынов көч., 5 (0312) 5-16-22; 5 03 95; 0709 56 77 65; noob@rambler.ru
35 «Диа Парк» ЖЧКсы Ат-Башы р/ну, Ат-Башы а/а, М. Омуракунов көч., 81/3 0999 771173; 0705 75 32 14; urstamk@mail.ru
36 «Вита Мед-Нарын» ЖЧКсы Нарын ш., «МДС» т/ж, К. Шадыканов көч., 119 0552 13 01 13; 0508 39 93 99 vitamednaryn@gmail.com