Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

Мамлекеттик кызматтар

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин тариздөө жана берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүү болуп эсептелет.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин сатып алуу жаранга камсыздандыруу статусун жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасында ишке ашырылуучу мамлекеттик программалар боюнча медициналык кызмат алууга укук берет.

ММК полиси жарандарга чектелген мөөнөткө (сатып алган күндөн тартып 12 айга), акы төлөнүүчү негизде берилет. Бүгүнкү күндө ММК полисинин наркы милдеттүү медициналык камсыздандырууга өз алдынча төгүм төлөгөн жарандар үчүн 1504 сомду түзөт (монополияга каршы комитет тарабынан бекитилген).

Өтүнмөнү кабыл алуунун шарттары:

ММК полисин берүү ММК фондунун аймактык башкармалыктары же баштапкы деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдары (ҮМБ/ҮДТ) тарабынан жүзөгө ашырылат.

ММК полисин сатып алуу үчүн, арыз берүүчү же анын расмий өкүлү ММК фондунун аймактык башкармалыктарына же жашаган (катталган) жери боюнча баштапкы деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмуна кайрылышы керек.

Мамлекеттик кызматты алуу үчүн арыз берүүчү төмөнкүлөрдү аткарышы керек:

1). ММК полисин сатып алуу үчүн белгиленген үлгүдөгү арыз жазышы керек;

2) ММК фондунун аймактык башкармалыгынын кассасына ММК полисинин наркын төлөшү керек, ошол эле учурда төлөгөндүгу тууралуу квитанцияны алышы керек;

3) Эгерде арыз берүүчү Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелүү менен, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан берилүүчү 14 белгидеги жеке идентификациялык номери жок болсо, анда жеке идентификациялык номерди алууга белгиленген үлгүдөгү кошумча арыз жазышы керек.

Мындан тышкары, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн натыйжалуулугун арттыруу жана жарандардын мамлекеттик кызматка болгон жеткиликтүүлүк процедурасын жөнөкөйлөтүү максатында, ММК фонду бардык кайрылган адамдардын сайттан www.foms.kg  электрондук форматта акысыз негизде көрсөтүлүүчү кызмат тууралуу маалымат алуусуна кепилдик берет, сайт өз убагында жаңыртылып турат.

Ошондой эле, сайтта мамлекеттик кызмат алуу үчүн арыздын бланкынын формасы бар.

Зарыл болгон учурда арыз берүүчу бул арыздын бланкын кагазга чыгарып алып, аны толтуруп, жогоруда аталган документтер менен ММК полисин алуу үчүн, жашаган жери боюнча ММК фондунун аймактык башкармалыгына же катталган жери боюнча баштапкы деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмуна (ҮМБ/ҮДТ) кайрылса болот.

ММК полисин берүүдөн баш тартуунун себептери:

Төмөнкү учурларда мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартылышы мүмкүн:

- 18 жашка чыга элек адамдарга;

- арыз берүүчүнүн жеке инсандыгын тастыктоочу документтерди көрсөтүүдө белгиленген үлгүдөгү эмес документтер көрсөтүлсө (дефекттери бар, булганган, сүрүлгөн);

- расмий ыйгарым укугу жок болуп туруп, башка адамдын атынан иш-аракет жүргүзсө (нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат, туугандыгын тастыктаган документтер);