Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

ММК фондунун 2021 жылы жарандардын кайрылуулары боюнча жургүзүлгөн иштер

2021-жылы ММК фондуна жарандардан 26211 кайрылуу келип түшкөн, анын ичинде 113  Шыр байланышына – 24765 кайрылуу; ММК фондунун аймактык башкармалыктарына – 114 оозеки кайрылуу, кат жүзүндө – 133, коомдук кабылдамага каттагандар – 657, электрондук - 17, on-line режиминде сайт аркылуу –525.

Кайрылуулардын негизги бөлүгү Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында медициналык кызмат алуу, кошумча төлөм төлөө, коронавирус, ММК полисин сатып алуу, жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз кылуу, камсыздандыруу статусун текшерүү, гемодиализ кызматы ж.б. маселелер боюнча кеңеш суроо иретинде келип түшкөн кайрылуулар болуп эсептелет.  

100 даттануу келип түштү, анын ичинде 40 (40%) тастыкталды. Бардык даттануулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө каралып чыкты.  Даттанууларды карап чыгуунун жыйынтыктары боюнча төмөнкүдөй чаралар көрулдү: сөгүш берилди –  5 учурда; 19 учурда эскертүү берилди; 3 учурда материалдык колдоо алынып салынды; 56 учурда этика боюнча комиссияда каралды, 1 медициналык кызматкер кызматтан бошотулду (өз каалоосу менен), 5 учурда тоголок арыздар саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине маалымдалды.

Баардык кайрылууларга телефон аркылуу консультациялар жана кат жүзүндө жооптор берилген, ошондой эле бейтаптарга специалистерден консультация алууга жана ооруканаларга жатууга жардам көрсөтүлгөн.