Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

ММК фондунун 2021 жылдын биринчи жарым жылдыгында жарандардын кайрылуулары боюнча жургүзүлгөн иштер

2021-жылдын 9-айында ММК фондуна жарандардан 21596 кайрылуу келип түшкөн, анын ичинде 113  Шыр байланышына – 20426 кайрылуу; ММК фондунун аймактык башкармалыктарына – 100 оозеки кайрылуу, кат жүзүндө – 98, коомдук кабылдамага каттагандар – 510, электрондук - 10, on-line режиминде сайт аркылуу –452.

Кайрылуулардын негизги бөлүгү Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында медициналык кызмат алуу, кошумча төлөм төлөө, коронавирус, ММК полисин сатып алуу, жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз кылуу, камсыздандыруу статусун текшерүү, гемодиализ кызматы ж.б. маселелер боюнча кеңеш суроо иретинде келип түшкөн кайрылуулар болуп эсептелет.  

87 даттануу келип түштү, анын ичинде 31 (35%) тастыкталды. Бардык даттануулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө каралып чыкты.  Даттанууларды карап чыгуунун жыйынтыктары боюнча төмөнкүдөй чаралар көрулдү: сөгүш берилди –  5 учурда; 18 учурда эскертүү берилди; 3 учурда материалдык колдоо алынып салынды; 44 учурда этика боюнча комиссияда каралды, 1 медициналык кызматкер кызматтан бошотулду (өз каалоосу менен), 5 учурда тоголок арыздар саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине маалымдалды.

Баардык кайрылууларга телефон аркылуу консультациялар жана кат жүзүндө жооптор берилген, ошондой эле бейтаптарга специалистерден консультация алууга жана ооруканаларга жатууга жардам көрсөтүлгөн.