Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

2022-ЖЫЛДЫН май АЙЫНА КАРАТА БИРДИКТҮҮ ТӨЛӨӨЧҮ СИСТЕМАСЫН КАРЖЫЛОО ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу ММК фонду тарабынан 2022-жылдын май айында Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо 1 558 035 миң сом суммасында жалпы каржылоо жүргүзүлдү, анын ичинде:

- Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча калкка көрсөтүлгөн медициналык кызматтар үчүн 807 613,9 миң сом суммасында;

- үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана жалпы практикадагы врачтардын айлыгын көбөйтүүгө май айы үчүн  748 795,5 миң сом;

-жеке менчик медициналык борборлорго жеңилдетилген гемодиализ кызматын көрсөткөндүгү үчүн 109 613,4 миң сом суммасында каражат багытталган;

- Оорунун очогунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине жана ишке тартылган адамдарга 2022-жылдын май айына үчүн компенсациялык төлөмдөр 3 365,5 миң сомду түздү;

-Мамлекеттик кепилдик программасынын артыкчылыктуу дары-дармек менен камсыз кылуу кызматы боюнча келишим түзгөн фармацевтик компанияларга 4 517,4 миң сом;

-Мамлекеттик кепилдик программасынын артыкчылыктуу дары-дармек менен камсыз кылуу кызматы боюнча келишим түзгөн фармацевтик компанияларга 30 595,5 миң сом;

Ошондой эле, акы төлөнүүчү медициналык кызматтардын айрым түрлөрүн жана медициналыкэмес кызматтарды көрсөтүүдөн саламаттык сактоо уюмдарынын атайын эсептерине 2022-жылдын май айына карата           577 54,6 мин сом келип түшкөн, анын ичинде калктан кошумча төлөм каражаттары катары 45 969,6 миң сом.

ММК фонду республикалык бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинен келип түшкөнкаражаттардын чегинде саламаттык сактоо уюмдарын өз убагында каржылоону камсыз кылат.