2023-жылдын август айы үчүн саламаттык сактоо уюмдарын каржылоо жөнүндө маалымат
2023-жылдын август айы үчүн саламаттык сактоо уюмдарын каржылоо жөнүндө маалымат
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу ММК фонду тарабынан 2023-жылдын август айында Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарын сумму 2 188 913,9 миң сом суммасында жалпы каржылоо жүргүзүлдү, анын ичинде:
- Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча калкка көрсөтүлгөн медициналык кызматтар үчүн 1 109 062,4 миң сом суммасында;
- айлык маянанын көбөйтүүгө август айы үчүн - 751 079,7 миң сом;
-жеке менчик медициналык борборлорго жана мамлекеттик уюмдарга жеңилдетилген гемодиализ кызматын көрсөткөндүгү үчүн 194 142,0 миң сом суммасында каражат багытталган;
-Мамлекеттик кепилдик программасынын артыкчылыктуу дары-дармек менен камсыз кылуу кызматы боюнча келишим түзгөн фармацевтик компанияларга 2 742,0 миң сом;
-Мамлекеттик кепилдик программасынын артыкчылыктуу дары-дармек менен камсыз кылуу кызматы боюнча келишим түзгөн фармацевтик компанияларга 31 481,5 миң сом;
Ошондой эле, акы төлөнүүчү медициналык кызматтардын айрым түрлөрүн жана медициналыкэмес кызматтарды көрсөтүүдөн саламаттык сактоо уюмдарынын атайын эсептерине 2023-жылдын август айына карата 52 748,8 миң сом келип түшкөн, анын ичинде калктан кошумча төлөм каражаттары катары 47 657,5 миң сом.
ММК фонду республикалык бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинен келип түшкөнкаражаттардын чегинде саламаттык сактоо уюмдарын өз убагында каржылоону камсыз кылат.