2023-жылдын декабрь айы үчүн саламаттык сактоо уюмдарын каржылоо жөнүндө маалымат
2023-жылдын декабрь айы үчүн саламаттык сактоо уюмдарын каржылоо жөнүндө маалымат
2023-жылдын декабрь айы үчүн саламаттык сактоо уюмдарын каржылоо жөнүндө маалымат
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу ММК фонду тарабынан 2023-жылдын декабрь айында Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарын 3 814 257,0 миң сом суммасында жалпы каржылоо жүргүзүлдү, анын ичинде:
- Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча калкка көрсөтүлгөн медициналык кызматтар үчүн 2 690 469,8 миң сом суммасында;
- айлык маянанын көбөйтүүгө 2023 жылдын декабрь айы үчүн - 748 764,0 миң сом;
-жеке менчик медициналык борборлорго жана мамлекеттик уюмдарга жеңилдетилген гемодиализ кызматын көрсөткөндүгү үчүн 164 325,6 миң сом суммасында каражат багытталган;
-Мамлекеттик кепилдик программасынын артыкчылыктуу дары-дармек менен камсыз кылуу кызматы боюнча келишим түзгөн фармацевтик компанияларга 3 627,0 миң сом;
-Мамлекеттик кепилдик программасынын артыкчылыктуу дары-дармек менен камсыз кылуу кызматы боюнча келишим түзгөн фармацевтик компанияларга 33 731,7 миң сом;
Ошондой эле, акы төлөнүүчү медициналык кызматтардын айрым түрлөрүн жана медициналыкэмес кызматтарды көрсөтүүдөн саламаттык сактоо уюмдарынын атайын эсептерине 2023-жылдын декабрь айына карата 94 295,6 миң сом келип түшкөн, анын ичинде калктан кошумча төлөм каражаттары катары 79 043,3 миң сом.
ММК фонду республикалык бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинен келип түшкөнкаражаттардын чегинде саламаттык сактоо уюмдарын өз убагында каржылоону камсыз кылат.