Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

2024-ЖЫЛДЫН ЯНВАРЬ АЙЫНА КАРАТА БИРДИКТҮҮ ТӨЛӨӨЧҮ СИСТЕМАСЫН КАРЖЫЛОО ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ

2024-жылдын январь айы үчүн саламаттык сактоо уюмдарын каржылоо жөнүндө маалымат

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу ММК фонду тарабынан 2024-жылдын январь айында Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарын 2 227 678,3 миң сом суммасында жалпы каржылоо жүргүзүлдү, анын ичинде:

- Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча калкка көрсөтүлгөн медициналык кызматтар үчүн 1 932 028,1 миң сом суммасында;

-жеке менчик медициналык борборлорго жана мамлекеттик уюмдарга жеңилдетилген гемодиализ кызматын көрсөткөндүгү үчүн 142 534,5 миң сом суммасында каражат багытталган;

-Мамлекеттик кепилдик программасынын артыкчылыктуу дары-дармек менен камсыз кылуу кызматы боюнча келишим түзгөн фармацевтик компанияларга 3 901,8 миң сом;

-Мамлекеттик кепилдик программасынын артыкчылыктуу дары-дармек менен камсыз кылуу кызматы боюнча келишим түзгөн фармацевтик компанияларга 39 901,3 миң сом;

Ошондой эле, акы төлөнүүчү медициналык кызматтардын айрым түрлөрүн жана медициналыкэмес кызматтарды көрсөтүүдөн саламаттык сактоо уюмдарынын атайын эсептерине 2024-жылдын январь айына карата             51 556,7  миң сом келип түшкөн, анын ичинде калктан кошумча төлөм каражаттары катары 57 755,8 миң сом.

ММК фонду республикалык бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинен келип түшкөнкаражаттардын чегинде саламаттык сактоо уюмдарын өз убагында каржылоону камсыз кылат.