Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

2024-жылдын апрель айы үчүн саламаттык сактоо уюмдарын каржылоо жөнүндө маалымат

2024-жылдын апрель айы үчүн саламаттык сактоо уюмдарын каржылоо жөнүндө маалымат

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу ММК фонду тарабынан 2024-жылдын апрель айында Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарын 2 185 776,3 миң сом суммасында жалпы каржылоо жүргүзүлдү, анын ичинде:

- Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча калкка көрсөтүлгөн медициналык кызматтар үчүн 1 798 375,1 миң сом суммасында;

-жеке менчик медициналык борборлорго жана мамлекеттик уюмдарга жеңилдетилген гемодиализ кызматын көрсөткөндүгү үчүн 213 759 миң сом суммасында каражат багытталган;

-Мамлекеттик кепилдик программасынын артыкчылыктуу дары-дармек менен камсыз кылуу кызматы боюнча келишим түзгөн фармацевтик компанияларга 3 069,2  миң сом;

-Мамлекеттик кепилдик программасынын артыкчылыктуу дары-дармек менен камсыз кылуу кызматы боюнча келишим түзгөн фармацевтик компанияларга 34 809,1  миң сом;

Ошондой эле, акы төлөнүүчү медициналык кызматтардын айрым түрлөрүн жана медициналык эмес кызматтарды көрсөтүүдөн саламаттык сактоо уюмдарынын атайын эсептерине 2024-жылдын апрель айына карата             73 581,1 миң сом келип түшкөн, анын ичинде калктан кошумча төлөм каражаттары катары 62 182,8 миң сом.

ММК фонду республикалык бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинен келип түшкөн каражаттардын чегинде саламаттык сактоо уюмдарын өз убагында каржылоону камсыз кылат.