Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

2024-жылдын июль айы үчүн саламаттык сактоо уюмдарын каржылоо жөнүндө маалымат

2024-жылдын июль айы үчүн саламаттык сактоо уюмдарын каржылоо жөнүндө маалымат

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу ММК фонду тарабынан 2024-жылдын июль айында Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарын 557 923,6   миң сом суммасында жалпы каржылоо жүргүзүлдү, анын ичинде:

- Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча калкка көрсөтүлгөн медициналык кызматтар үчүн 419 049,5 миң сом суммасында;

- Мамлекеттик кепилдик программасынын артыкчылыктуу дары-дармек менен камсыз кылуу кызматы боюнча келишим түзгөн фармацевтик компанияларга 33 897,7  миң сом;

Ошондой эле, акы төлөнүүчү медициналык кызматтардын айрым түрлөрүн жана медициналык эмес кызматтарды көрсөтүүдөн саламаттык сактоо уюмдарынын атайын эсептерине 2024-жылдын июль айына карата 29 541 миң сом келип түшкөн, анын ичинде калктан кошумча төлөм каражаттары катары 75 435,3 миң сом.

ММК фонду республикалык бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинен келип түшкөн каражаттардын чегинде саламаттык сактоо уюмдарын өз убагында каржылоону камсыз кылат.