2025-жылдын июнь айы үчүн саламаттык сактоо уюмдарын каржылоо жөнүндө маалымат
2025-жылдын июнь айы үчүн саламаттык сактоо уюмдарын каржылоо жөнүндө маалымат
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу ММК фонду тарабынан 2025-жылдын июнь айында Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарын 389 843,0 миң сом суммасында жалпы каржылоо жүргүзүлдү, анын ичинде:
- Мамлекеттик кепилдик программасынын артыкчылыктуу дары-дармек менен камсыз кылуу кызматы боюнча келишим түзгөн фармацевтик компанияларга 38 187,3 миң сом;
- калктан кошумча төлөм каражаттары катары 64 742,92 миң сом.
ММК фонду Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинен келип түшкөн каражаттардын чегинде саламаттык сактоо уюмдарын өз убагында каржылоону камсыз кылат.