2025-жылдын август айы үчүн саламаттык сактоо уюмдарын каржылоо жөнүндө маалымат
2025-жылдын август айы үчүн саламаттык сактоо уюмдарын каржылоо жөнүндө маалымат
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу ММК фонду тарабынан 2025-жылдын август айында Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарын 791 772,5 миң сом суммасында жалпы каржылоо жүргүзүлдү, анын ичинде:
- Мамлекеттик кепилдик программасынын артыкчылыктуу дары-дармек менен камсыз кылуу кызматы боюнча келишим түзгөн фармацевтик компанияларга 32 266,0 миң сом;
- калктан кошумча төлөм каражаттары катары 76 097,5 миң сом.
ММК фонду Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинен келип түшкөн каражаттардын чегинде саламаттык сактоо уюмдарын өз убагында каржылоону камсыз кылат.