2025-жылдын сентябрь айы үчүн саламаттык сактоо уюмдарын каржылоо жөнүндө маалымат
2025-жылдын сентябрь айы үчүн саламаттык сактоо уюмдарын каржылоо жөнүндө маалымат
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу ММК фонду тарабынан 2025-жылдын сентябрь айында Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарын 459 161,9 миң сом суммасында жалпы каржылоо жүргүзүлдү, анын ичинде:
- Мамлекеттик кепилдик программасынын артыкчылыктуу дары-дармек менен камсыз кылуу кызматы боюнча келишим түзгөн фармацевтик компанияларга 29 670,2 миң сом;
- калктан кошумча төлөм каражаттары катары 78 562,2 миң сом.
ММК фонду Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинен келип түшкөн каражаттардын чегинде саламаттык сактоо уюмдарын өз убагында каржылоону камсыз кылат.