2025-жылдын декабрь айы үчүн саламаттык сактоо уюмдарын каржылоо жөнүндө маалымат
2025-жылдын декабрь айы үчүн саламаттык сактоо уюмдарын каржылоо жөнүндө маалымат
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу ММК фонду тарабынан 2025-жылдын декабрь айында Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарын 1 653 601,0 миң сом суммасында жалпы каржылоо жүргүзүлдү, анын ичинде:
- Мамлекеттик кепилдик программасынын артыкчылыктуу дары-дармек менен камсыз кылуу кызматы боюнча келишим түзгөн фармацевтик компанияларга 31 357,7 миң сом;
- калктан кошумча төлөм каражаттары катары 101 601,5 миң сом.
ММК фонду Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинен келип түшкөн каражаттардын чегинде саламаттык сактоо уюмдарын өз убагында каржылоону камсыз кылат.