Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

2022-ЖЫЛДЫН Март АЙЫНА КАРАТА БИРДИКТҮҮ ТӨЛӨӨЧҮ СИСТЕМАСЫН КАРЖЫЛОО ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу ММК фонду тарабынан 2022-жылдын март айында Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо 1 665 519,6 миң сом суммасында жалпы каржылоо жүргүзүлдү, анын ичинде:

- Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча калкка көрсөтүлгөн медициналык кызматтар үчүн 1 152 405,3 миң сом суммасында;

- үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана жалпы практикадагы врачтардын айлыгын 1 июлунан баштап көбөйтүүгө март айы үчүн 302 403,0 миң сом;

-жеке менчик медициналык борборлорго жеңилдетилген гемодиализ кызматын көрсөткөндүгү үчүн 103 329,5 миң сом суммасында каражат багытталган;

- Оорунун очогунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине жана ишке тартылган адамдарга 2022-жылдын февраль айына үчүн компенсациялык төлөмдөр 42 902,4 миң сомду түздү;

-Мамлекеттик кепилдик программасынын артыкчылыктуу дары-дармек менен камсыз кылуу кызматы боюнча келишим түзгөн фармацевтик компанияларга 8 224,8 миң сом;

-Мамлекеттик кепилдик программасынын артыкчылыктуу дары-дармек менен камсыз кылуу кызматы боюнча келишим түзгөн фармацевтик компанияларга 56 254 ,6 миң сом;

Ошондой эле, акы төлөнүүчү медициналык кызматтардын айрым түрлөрүн жана медициналыкэмес кызматтарды көрсөтүүдөн саламаттык сактоо уюмдарынын атайын эсептерине 2022-жылдын март айына карата           138 217,6   мин сом келип түшкөн, анын ичинде калктан кошумча төлөм каражаттары катары 75 224,3  миң сом.

ММК фонду республикалык бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинен келип түшкөнкаражаттардын чегинде саламаттык сактоо уюмдарын өз убагында каржылоону камсыз кылат.