Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

2021-жылдын июль айына карата Бирдиктүү төлөөчү системасын каржылоо тууралуу маалымат

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу ММК фонду тарабынан 2021-жылдын июль айында Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарын       1 548 504 ,7 миң сом суммасында жалпы каржылоо жүргүзүлдү, анын ичинде:
- Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча калкка көрсөтүлгөн медициналык кызматтар үчүн 916 375,6 миң сом суммасында;
- үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана жалпы практикадагы  врачтардын айлыгын 1 июлунан баштап көбөйтүүгө июль айы үчүн 26 955,7 миң сом;
-үй бүлөлүк медайымдарга жана ФАПтын медайымдарына айына 30% кошумча төлөм июль айына 6 335,2 миң сом, 
-жеке менчик медициналык борборлорго жеңилдетилген гемодиализ кызматын көрсөткөндүгү үчүн 55 257,9 миң сом суммасында каражат багытталган;
- Оорунун очогунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине жана ишке тартылган адамдарга 2021-жылдын июль айына үчүн компенсациялык төлөмдөр 166 469,0 миң сомду түздү;
-Мамлекеттик кепилдик программасынын артыкчылыктуу дары-дармек менен камсыз кылуу кызматы боюнча келишим түзгөн фармацевтик компанияларга 4 276,6 миң сом;
-Мамлекеттик кепилдик программасынын артыкчылыктуу дары-дармек менен камсыз кылуу кызматы боюнча келишим түзгөн фармацевтик компанияларга 23 630,7 миң сом;
Ошондой эле, акы төлөнүүчү медициналык кызматтардын айрым түрлөрүн жана медициналыкэмес кызматтарды көрсөтүүдөн саламаттык сактоо уюмдарынын атайын эсептерине 2021-жылдын июль айына карата 38 349,5 мин сом келип түшкөн, анын ичинде калктан кошумча төлөм каражаттары катары 33 913,9 миң сом.
-1 июлдан баштап медициналык персоналдарга айлык көбөйтүүгө июль айы үчүн  276 958,6 миң сом
ММК фонду республикалык бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинен келип түшкөнкаражаттардын чегинде саламаттык сактоо уюмдарын өз убагында каржылоону камсыз кылат.