Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

2021-жылдын август айына карата Бирдиктүү төлөөчү системасын каржылоо тууралуу маалымат

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу ММК фонду тарабынан 2021-жылдын август айында Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарын      1 607 658 ,9 миң сом суммасында жалпы каржылоо жүргүзүлдү, анын ичинде:

- Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча калкка көрсөтүлгөн медициналык кызматтар үчүн 784 370,1 миң сом суммасында;

- үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана жалпы практикадагы  врачтардын айлыгын 1 июлунан баштап көбөйтүүгө июль айы үчүн 27 078,7 миң сом;

-жеке менчик медициналык борборлорго жеңилдетилген гемодиализ кызматын көрсөткөндүгү үчүн 100 147,6 миң сом суммасында каражат багытталган;

- Оорунун очогунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине жана ишке тартылган адамдарга 2021-жылдын июль айына үчүн компенсациялык төлөмдөр 254 951,8 миң сомду түздү;

-Мамлекеттик кепилдик программасынын артыкчылыктуу дары-дармек менен камсыз кылуу кызматы боюнча келишим түзгөн фармацевтик компанияларга 3 890,0 миң сом;

-Мамлекеттик кепилдик программасынын артыкчылыктуу дары-дармек менен камсыз кылуу кызматы боюнча келишим түзгөн фармацевтик компанияларга 21 926,5 миң сом;

Ошондой эле, акы төлөнүүчү медициналык кызматтардын айрым түрлөрүн жана медициналыкэмес кызматтарды көрсөтүүдөн саламаттык сактоо уюмдарынын атайын эсептерине 2021-жылдын июль айына карата 48 122,2 мин сом келип түшкөн, анын ичинде калктан кошумча төлөм каражаттары катары 34 111,5 миң сом.

-1 июлдан баштап медициналык персоналдарга айлык көбөйтүүгө июль айы үчүн  271 975,7 миң сом

- коронавирустук инфекцияны дарылоого байланыштуударыланган учурлар үчүн 106 05,5 миң сом суммасында;

ММК фонду республикалык бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинен келип түшкөнкаражаттардын чегинде саламаттык сактоо уюмдарын өз убагында каржылоону камсыз кылат.