Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

2021-ЖЫЛДЫН октябрь АЙЫНА КАРАТА БИРДИКТҮҮ ТӨЛӨӨЧҮ СИСТЕМАСЫН КАРЖЫЛОО ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу ММК фонду тарабынан 2021-жылдын октябрь айында Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарын     1 340 507, 3 миң сом суммасында жалпы каржылоо жүргүзүлдү, анын ичинде:

- Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча калкка көрсөтүлгөн медициналык кызматтар үчүн 1 306 955 ,8 миң сом суммасында;

- үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана жалпы практикадагы  врачтардын айлыгын 1 июлунан баштап көбөйтүүгө июль айы үчүн 25 072,6 миң сом;

-жеке менчик медициналык борборлорго жеңилдетилген гемодиализ кызматын көрсөткөндүгү үчүн 103 710,2 миң сом суммасында каражат багытталган;

- Оорунун очогунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине жана ишке тартылган адамдарга 2021-жылдын июль айына үчүн компенсациялык төлөмдөр 258 106 миң сомду түздү;

-Мамлекеттик кепилдик программасынын артыкчылыктуу дары-дармек менен 4192,4 миң сом;

-Мамлекеттик кепилдик программасынын артыкчылыктуу дары-дармек менен камсыз кылуу кызматы боюнча келишим түзгөн фармацевтик компанияларга 24 834, 1 миң сом;

Ошондой эле, акы төлөнүүчү медициналык кызматтардын айрым түрлөрүн жана медициналыкэмес кызматтарды көрсөтүүдөн саламаттык сактоо уюмдарынын атайын эсептерине 51601 миң сом келип түшкөн, анын ичинде калктан кошумча төлөм каражаттары катары 45498 миң сом.

-1 июлдан баштап медициналык персоналдарга айлык көбөйтүүгө июль айы үчүн   265 399,9 миң сом;

- коронавирустук инфекцияны дарылоого байланыштуударыланган учурлар үчүн 159 760,7 миң сом суммасында.

- кургак учукту ийгиликтүү дарылоо үчүн 6 096 миң сом

ММК фонду республикалык бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинен келип түшкөнкаражаттардын чегинде саламаттык сактоо уюмдарын өз убагында каржылоону камсыз кылат.