Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

2022-жылдын I- кварталынын жыйынтыгы боюнча жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз кылуу жөнүндө маалымат

2022-ж. 3 айдын жыйынтыгы боюнча камсыздандырылган жарандарга жазылып берилген рецептердин саны 377,9 миңди түздү (2021-ж салыштырмалуу 302,5 миң жазылган).

Аймактар боюнча жазылган рецептердин максималду үлүшү Ош облусу боюнча 29% түздү (109,8 миң., 2021-ж. - 84 миң. рецепт), Жалал-Абад облусу боюнча 18% (73,4 миң., 2021-ж. – 49,1 миң), Ысык-Көл облусу боюнча 10% (39 миң., 2021-ж. – 34,9 миң), Бишкек шаары боюнча 16% (60,3 миң., 2021 ж.- 45,9 миң), Баткен облусу 8% (31,1 миң., 2021-ж. – 35 миң), Чүй облусу 10% (36,6 миң, 2021-ж. – 29,5 миң), Талас облусу боюнча 4% (16,2 миң., 2021-ж. – 11,3 миң), Нарын облусунда 4% (16,4 миң., 2021-ж. – 12,7 миң.).

Камсыздандырылган категориялардын арасында максималдуу рецепт пенсионерлерге жазылган 119,7 миң. рецепт же 32%, иштегендерге жана жеке ишкерлерге 81,7 миң (22%), балдарга жана студентерге 27,2 миң (7%), социалдык жөлөк пул алгандарга 26 миң (7%), фермерлерге 44,8 миң (12%), кош бойлуу аялдарга 5,3 миң (1%) ж.б.

Сатылган дары каражаттарынын ордун толтурулган суммасы камсыздандырылган категориялар боюнча төмөнкүдөй болду: максималду пенсионерлерге 27,1 млн. сом (31%), иштегендерге жана жеке ишкерлерге – 21 млн. сом (24%), социалдык жөлөк пул алгандарга 7,2 млн. сом (8%), фермерлерге – 9,7 млн. сом (11%), балдарга жана стеденттерге 7,2 млн. сом (8%), кош бойлуу аялдарга 976,7 миң сом (1%) ж.б.

Ордун толтуруунун деңгээли орто эсеп менен 47,9% ды түздү.

Жеңилдетилген категориядагы ооруулууларга 29,7 миң рецептери жазылган (2021-ж салыштырмалуу 24,5 миң рецепт жазылган) анын ичинде, аймактар боюнча жазылып берилген рецептердин үлүшү төмөнкүдөй болду: Жалал-Абад облусу 16% (4,9 миң, 2021-ж. – 4,6 миң рецепт), Бишкек шаары боюнча 17% (5,2 миң, 2021-ж. – 4,6 миң рецепт), Баткен облусу 6% (1,9 миң, 2021-ж. – 1 миң рецепт), Чүй облусу 20% (5,8 миң, 2021-ж. – 4,2 миң рецепт), Ысык-Көл облусу 10% (2,8 миң, 2021-ж. – 2,8 миң рецепт), Нарын облусу – 6% (1,65 миң, 2021-ж. – 1,4 миң рецепт), Талас – 4% (1,2 миң, 2021-ж. – 0,9 миң рецепт), Ош облусу боюнча 21% (6,2 миң, 2021-ж. – 5,1 миң рецепт).

Дарттарга койулган диагноздордун арасында оорулууларды дарылоо үчүн жазылып берилген рецептердин саны талма менен ооругандарга 9,8 миң. (33%) рецепти түздү (2021-ж салыштырганда 7,9 миң рецепт жазылган), бронхиалдык астма менен ооругандарга 8,3 миң рецепт (28%, 2021-ж. – 6,9 миң.), онкологиялык оорулууларга 4 миң (13%) рецепт (2021-ж. – 3,2 миң рецепт), аффективдүү бузуулар жана параноялык шизофрения менен ооругандарга 7,6 миң (26%) рецепт (2021-ж. 6,4 миң рецепт),

Социалдык категориялардын арасында максималдуу рецепт социалдык жөлөк пул алгандарга 10,7 миң түздү (36%), пенсионерлерге 5,1 миң. рецепт же 17%, иштегендерге жана жеке ишкерлерге 5,6 миң (19%), фермерлерге 2,9 миң (10%), балдарга жана студентерге 1,9 миң (6%) ж.б.

Сатылган дары каражаттары үчүн отчеттук мезгилде республикалык казынадан ордун толтурулган сумма жеңилдетилген категориянын арасында төмөнкүдөй болду: бронхиалдык астма 4343,9 миң. сом (33%), талма 3986,8 миң. сом (30%), онкология оорусу 2813 миң. (21%), аффективдүү бузулуулар жана параноялык шизофрения менен ооругандарга 2089,8 миң. сом (16%) түздү.

Ордун толтуруунун деңгээли орто эсеп менен 95% ды түздү.

1-апрелге карата дарыканалар жана фирмалар менен түзүлгөн келишим 187 санына жетти, анын ичинде иштеген 346 дарыканалар жана 672 дарыкана пунктары. Толук дарыканалардын тизмеси аймактар боюнча сайтта http://foms.kg/ru/dragsadress/ жайгаштырылган.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун аймактык башкармалыктарынын маалыматарынын негизинде баңги дары-дармек заттар менен иштегенге укугу бар 38 дарыканалар көрсөтүлгөн. Бирок, жазылган рецепт жана сатылган дары-дармек маалымат базасы боюнча 2021-2022-жж. 29 гана дарыканалар баңги дары-дармек каражаттарын камсыз кылышкан.

Ошону менен бирге, отчеттук мезгилде инкурабелдүү онкологиялык бейтаптарга 4 миң рецепт жазылды, 2021-ж. салыштырганда 20% жогору (3,2 миң). Жазылган рецептер Кетопрофенге 1,3 мин рецепти түздү (32%, 2021-ж. 28% түзгөн), Трамадол 1,3 миң (33%, 2021-ж. – 32%). Морфин 1,15 мин (29%, 2021-ж. – 32%), Тримеперидинге 0,2 миң (6%, 2021-ж. – 8%).