ММК фондунун 2021 жылдын биринчи жарым жылдыгында жарандардын кайрылуулары боюнча жургүзүлгөн иштер
2021-жылдын 9-айында ММК фондуна жарандардан 21596 кайрылуу келип түшкөн, анын ичинде 113 Шыр байланышына – 20426 кайрылуу; ММК фондунун аймактык башкармалыктарына – 100 оозеки кайрылуу, кат жүзүндө – 98, коомдук кабылдамага каттагандар – 510, электрондук - 10, on-line режиминде сайт аркылуу –452.
Кайрылуулардын негизги бөлүгү Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында медициналык кызмат алуу, кошумча төлөм төлөө, коронавирус, ММК полисин сатып алуу, жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз кылуу, камсыздандыруу статусун текшерүү, гемодиализ кызматы ж.б. маселелер боюнча кеңеш суроо иретинде келип түшкөн кайрылуулар болуп эсептелет.
87 даттануу келип түштү, анын ичинде 31 (35%) тастыкталды. Бардык даттануулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө каралып чыкты. Даттанууларды карап чыгуунун жыйынтыктары боюнча төмөнкүдөй чаралар көрулдү: сөгүш берилди – 5 учурда; 18 учурда эскертүү берилди; 3 учурда материалдык колдоо алынып салынды; 44 учурда этика боюнча комиссияда каралды, 1 медициналык кызматкер кызматтан бошотулду (өз каалоосу менен), 5 учурда тоголок арыздар саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине маалымдалды.
Баардык кайрылууларга телефон аркылуу консультациялар жана кат жүзүндө жооптор берилген, ошондой эле бейтаптарга специалистерден консультация алууга жана ооруканаларга жатууга жардам көрсөтүлгөн.