Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

Коомдук кабылдама

04.11.2022

Урматтуу жарандар!

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун артыкчылыктуу багыттарынын бири Кыргыз Республикасында жарандарды социалдык жактан коргоо боюнча иш-чаралардын системасын ишке ашыруу, сапаттуу медициналык, профилактикалык кызматтарды алууну камсыз кылуу, ошондой эле саламаттык сактоо системасынын жоопкерчилигин, ачык-айкындыгын жогорулатуу болуп саналат.

ММК фондунун ишмердиги медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү алууда жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган. «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык иштелип чыккан Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 11-октябрындагы ПТ №197 тескемеси аткарууда калктын саламаттык сактоо жаатындагы укуктары тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу максатында коомдук кабылдамасы ишин улантууда.

Коомдук кабылдама күн сайын саат 9.00 дөн 18.00 гө чейин иштейт., тыныгуу 12.30 - 13.30. Дем алыш-ишемби, жекшемби.

Эскерте кетсек, ММКфондунда шыр байланыш телефону иштейт ☎ 113. Чалуулар - акысыз!

No tags added.