Жаңылыктар
Чүй облусунда Мамлекеттик кепилдиктер программасынын жаңы пилоттук долбоору башталат
Posted on 23.07.2026
Кыргыз Республикасынын Президенти жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик кепилдиктер программасынын жаңы моделин апробациялоо боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө Жарлыкка кол койду.
Пилоттук долбоор Токмок шаарынын Жалпы дарыгерлер практикалык борборунда жана Чүй районунун Жалпы дарыгерлер практикалык борборунда ишке ашырылат.
Эмне үчүн Программаны жаңылоонун зарылдыгы келип чыкты
Колдонуудагы Мамлекеттик кепилдиктер программасы...
Бишкек шаарындагы «Эл Аман» мамлекеттик дарыканаларынын даректери жана телефондору
Posted on 29.06.2026
Адреса и телефоны государственных аптек «Эл Аман» в г. Бишкек
ҮМБ / ЦСМ (Поликлиникалар):
Эл Аман №1
* № 1 ҮМБ, Ю. Фучик көчөсү, 15
* ЦСМ-1, ул. Ю. Фучика, 15
* 0997 92-26-01
Эл Аман №3
* № 3 ҮМБ, Я. Логвиненко көчөсү, 30/1
* ЦСМ-3, ул. Я. Логвиненко, 30/1
* 0997 91-26-03
Эл Аман №4
* № 4 ҮМБ, «Восток-5» кичи району, 40
* ЦСМ-4, мкрн. Восток-5, 40
* 0997 91-26-04
Эл Аман №88**
* № 4 ҮМБ филиалы, С. Ибраимов көчөсү, 181
* Филиал ЦСМ-4,...
Жеңилдетилген дары-дармектер «Эл Аман» мамлекеттик дарыканалары аркылуу гана берилет
Posted on 26.06.2026
Бишкек шаарынын тургундары үчүн маанилүү маалымат: МКП жана Кошумча милдеттүү медициналык камсыздандыруу программасы (КММКП) боюнча жеңилдетилген дары-дармектер «Эл Аман» мамлекеттик дарыканалары аркылуу гана берилет.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) шаардыктарды жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоо системасында маанилүү өзгөрүүлөр жөнүндө маалымдайт.
Бишкек шаарынын аймагында 2026-жылдын 1-июлунан тартып 31-декабрына чейин КР ССМнын (30.05.2026 № 588 буйругу)...
ММКФ: Кан басымынын жогору болушу жылдар бою эч кандай белгилерди бербеши мүмкүн. Аны үй-бүлөлүк дарыгерден акысыз текшертип туруңуз
Posted on 10.06.2026
Артериялык гипертензияны дарыгерлер “жылма өлтүргүч” деп аташат. Кан басымдын жогорулашы көп учурда билинбей өнүгүп, узак убакыт бою эч кандай даттанууларды жаратпайт. Көпчүлүк адамдар бул оору тууралуу инсульт, инфаркт же башка жүрөк-кан тамыр оорулары сыяктуу олуттуу таталдашуулар пайда болгондон кийин гана билишет.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Кыргызстан жарандарын артериялык кан басымын үзгүлтүксүз контролдоого жана өзгөчө 35-40 жаштан кийин...
ММКФ эмчек безин үзгүлтүксүз текшерип туруунун маанилүүлүгү жөнүндө
Posted on 04.06.2026
Эмчек безинин рагы (ЭБР) – Кыргызстандагы жана бүткүл дүйнөдөгү аялдар үчүн башкы онкологиялык коркунуч. Жыл сайын республикада оорулардын 400гө жакын жаңы учурлары катталууда жана диагноз коюлгандан кийин дээрлик ар бир алтынчы аял (16,7%) биринчи жылдын ичинде көз жумат. Мындай кайгылуу окуянын башкы себеби – оорунун кеч аныкталышы: 46,6% күчөп кеткен рак учурлары (III жана IV стадиясында) аныкталган.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду эрте диагноз коюу – бул ооруну...
Кыргызстанда балдарды ооруканага жаткыруу: ата-энелер эмнени билиши керек
Posted on 28.05.2026
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) ата-энелерге республикадагы стационарларда медициналык жардам алуу учурунда балдарынын укуктары тууралуу эскертет жана ооруканага жаткырылганда кайсы кызматтар үчүн төлөө керек, ал эми кайсылары үчү төлөөнүн кереги жок экенин түшүндүрөт. .
Кыргызстанда 18 жашка чейинки бардык балдар Мамлекеттик кепилдиктер программасына (МКП) ылайык жеңилдетилген категорияга кирет жана мамлекеттин өзгөчө коргоосунда болот. Бирок берилүүчү...
ММКФ: Эгер ооруканада негизсиз төлөм талап кылынса, анда эмне кылуу керек
Posted on 22.05.2026
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) камсыздандырылган жарандар акысыз же жеңилдетилген медициналык жардам алууга укуктуу. Ал укук Мамлекеттик кепилдиктер программасы (МКП) менен бекемделген.
113 шыр байланышына жарандардын кайрылуусунун эң кеңири тараган себептеринин бири болуп стационардык дарыланууда жаткан бейтаптар медициналык кызмат көрсөтүүлөр үчүн, дары-дармектерди же керектелүүчү материалдарды сатып алуу боюнча негизсиз төлөм төлөө талаптарына дуушар...
Ар бир аял төрөт үйүнө жаткырылганда эмнени билиши керек.
Posted on 19.05.2026
Кыргыз Республикасынын Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду эскертет: төрөт учурунда, кош бойлуулуктун татаалдашуусунда жана төрөттөн кийинки мезгилде ооруканага жаткыруу Мамлекеттик кепилдиктер программанын алкагында акысыз жүргүзүлөт.
Төрөт үйүндө акысыз көрсөтүлүүчү кызматтар:
• кош бойлуулук учурунда татаалдашуулар пайда болгондо ооруканага жаткыруу
• төрөт (табигый жана операциялык, анын ичинде кесарево кесүү жана наркоз)
• төрөттөн кийин 10 жума ичинде татаалдашуулар...
ММК фонду эскертет: балдар үчүн кыска мөөнөттүү дарылоо бөлүмдөрү өлкө боюнча күнү-түнү иштейт
Posted on 28.04.2026
Май майрамдарынын алдында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММК фонду) ата-энелерге кыска мөөнөттүү дарылоо бөлүмдөрүнүн иштөө тартибин жана республика боюнча шашылыш жардамдын жеткиликтүүлүгүн эскертет.
Узак мөөнөттүү госпитализацияга муктаж болбогон балдарга ыкчам жардам көрсөтүү үчүн республиканын стационарларында кыска мөөнөттүү дарылоо бөлүмдөрү жана койколору түзүлгөн. Анда медициналык адистер майрам жана дем алыш күндөрүн камтыган күнү-түнү кабыл алууну, диагностиканы...
Май майрамдарында медициналык жардам көрсөтүү тартиби жөнүндө: жарандар эмнелерди билүүсү зарыл?
Posted on 27.04.2026
Алдыдагы узакка созулган май майрамдарына байланыштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММК Фонду) жарандарга медициналык жардам алуу тартибин жана камсыздандыруу статусунун маанилүүлүгүн эскертет.
Акысыз тез жардам: качан төлөө талап кылынбайт?
Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык, тез жана кечиктирилгис медициналык жардам бардык жарандарга акысыз көрсөтүлөт
Бул бейтаптын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган абалдан чыгарылганга чейинки дары-дармектер...