Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

Бишкекте «Кургак учук учурун башкаруу»

14.12.2022

Бишкектин Үй-бүлөлүк медициналык борборлорунда «Кургак учук учурун башкаруу» ыкмасын киргизүү бардык жерде башталды. Бул чечим Кыргызстандын аймактарында жана пилоттук катары борбордогу райондордун бири – Ленин районунда бул ыкманы киргизүүнүн оң тажрыйбасын эске алуу менен кабыл алынды.

Биринчи кезекте Бишкектеги Үй-бүлөлүк медициналык борборлордун жетекчилери үчүн тренинг өткөрүлүп, аларда уюштуруу маселелери жана аракеттенүүнүн деталдуу Планы чечилди. Мында «Кургак учук учурун башкарууну» баштапкы деңгээлде  киргизүү боюнча стандарттарды жана аспаптарды тандоого, амбулаториялык шарттарда дартты аныктоонун алгоритмине жана кургак учукту дарылоону көзөмөлдөөгө, инфекциялык көзөмөл маселелерине, бейтап менен байланышта болгондорду байкоого чоң көңүл бурулду.

Мындан сырткары борбордогу Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун жетекчилери «Кургак учукту башкаруу» ыкмасы киргизилери менен ала баштай турган медициналык кызматкерлер үчүн шыктандыруу төлөмдөрүнүн механизмдерин кеңири талкуулашты. Алардын айтымында, тренинг керектүү жана пайдалуу болду, бардык суроолорго толук жооп ала алышты.

Маалымат үчүн: 2017-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкына кургак учукка каршы жардам көрсөтүү системасын оптималдаштыруу боюнча аракеттердин Планын бекиткен Өкмөттүн 2017-жылдын 1-январындагы №9-р буйругуна ылайык, Бишкек шаарына «Кургак учук учурларын башкаруу» ыкмасынын киргизилиши Чүй, Талас, Нарын, Баткен облустарынан, Ош жана Жалал-Абад облустарынын (КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2022-жылдын 11-апрелиндеги №432 «Бишкек ш. калкка кургак учукка каршы жардам көрсөтүү системасын жакшыртуу жөнүндө» буйругу) айрым райондорунан кийин башталган.

 

No tags added.