Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

Гулнара Баатырова, КР Саламаттыкты сактоо министри: “Жарандардын укуктары тууралуу маалымат берүү - медициналык уюмдарга милдеттүү талап

10.01.2023

2023-жылдын 9-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде республиканын мекеме-уюмдарынын жетекчилери менен кеңешме болуп, анда быйылкы жылы саламаттыкты сактоо тутумунун алдында турган эң маанилүү жана артыкчылыктуу милдеттер талкууланды.

Маселелердин бири мамлекет тарабынан калкка көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтар тууралуу жарандарга маалымат берүү болду.

Министр белгилегендей, медициналык уюмдардын жарандарга маалымат берүүсү каалоо же өтүнүч эмес, бул талап.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун тапшырмасына ылайык, саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери мамлекет тарабынан калкка көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтар тууралуу маалымат алуу үчүн маалыматтык стенддерди толугу менен жаңыртышы керек болчу.

Маанилүү критерий – маалыматты жеткиликтүү түрдө даярдап, амбулатордук деңгээлде каттоо жайынын жанында, ооруканалардын кабыл алуу бөлүмдөрүндө жайгаштыруу.

«Жакынкы арада тапшырманын аткарылышынын жыйынтыгына текшерүү жүргүзүп, зарыл болгон учурда жетекчилерге тиешелүү чараларды көрөбүз», - деди министр Гүлнара Баатырова.

Маалымат такталарында кандай маалыматтар илинет?

✅ Амбулатордук деңгээлде - мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык лабораториялык диагностикалык изилдөөлөрдү жана жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоону (дары-дармектерге 50дөн 90%га чейин арзандатууну) камтыган акысыз медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси.

✅ Оорукана деңгээлинде - медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн, маанилүү дары-дармектердин тизмесине ылайык, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын, клиникалык протоколдордун жана колдонмолордун тизмеси.

✅ Төрөт үйлөрү үчүн - төрөттү, анын ичинде кесарево жолу менен төрөттү кошкондо, акысыз медициналык кызматтардын тизмеси.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду медициналык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө уюмдун кассасындагы прейскурант боюнча жүргүзүлөөрүн бардык жарандардын эсине салат.

Медицина кызматкерлерине кассадан тышкары акча төлөөгө тыюу салынат.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын 1-январынан тарта Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, Жалпы дарыгерлик практика борборлорунда, жалпы ооруканалардын амбулатордук-диагностикалык бөлүмдөрүндө, ошондой эле үчүнчү. деңгээлдеги стационарлардын клиникалык диагностикалык бөлүмдөрүндө медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы прейскуранты күчүнө кирген.

☎ Суроолоруңуз болсо Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 113 шыр байланыш телефонуна чалыңыз. Бардык уюлдук түйүндөрдөн чалуулар акысыз.

No tags added.