Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндөгү” мыйзам кабыл алынды

18.01.2023

Бүгүн, 18-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр экинчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымынын орун басары Айбек Маткеримов белгилегендей, мыйзам долбоору Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен келишим боюнча иштеген саламаттык сактоо уюмдары тарабынан калктын айрым категорияларына медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү акысыз жана жеңилдетилген шарттарда берүүнү камсыздоого багытталган.

Талкуу маалында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков Кыргызстанда билим алып жаткан чет өлкөлүк студенттер жана эмгектенип жаткан жарандыгы жок адамдар медициналык камсыздандыруу үчүн кандай каражат төлөшөрүнө кызыкты.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Азамат Муканов Кыргызстанда 64 миң чет өлкөлүк жаран билим аларын маалымдап: “Чет өлкөлүк жарандар үчүн 18 105 сомдук төлөм каралууда”, – деди.

Ал эми депутат Эмил Жамгырчиев ар кайсы дарыканада бир эле дарынын баасы ар башка болуп жатканын белгилеп, ушул жаатта реформа жүргүзүү керектигине токтолду.

Ошондой эле депутат Динара Ашимова Кыргызстанда милдеттүү медициналык камсыздандыруудан өткөндөн кийин аны ЕАЭБге кирген башка өлкөлөрдө да колдонуу мүмкүнчүлүгү боюнча суроо узатты.

Өз кезегинде Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчиси бул багытта тиешелүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.

Андан тышкары жыйында депутаттар медициналык тейлөөнүн сапатын жогорулатуу, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга көмөк көрсөтүү өңдүү бир катар сунуш-пикирлерин билдиришти.

Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, кабыл алынды.

No tags added.