Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

Республиканын саламаттык сактоо уюмдарында бирдиктүү үлгүдөгү маалымат такталары орнотулду

16.02.2023

Республиканын саламаттык сактоо уюмдарында Үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунан тартып ооруканаларга чейин женилдетилген шарттарда көрсөтүлүүчү мамлекеттик медициналык кызматтар жөнүндө бирдиктүү үлгүдөгү маалымат такталары орнотулду.

Жайгаштыруу учурунда Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан медициналык мекемелердин башчыларына төмөнкүдөй негизги талаптар коюлду:

- Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык амбулаториялык деңгээлде акысыз медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн, лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөрдүн тизмеси жана дары-дармек каражаттары менен камсыздоого жеңилдиктер, анын ичинде дары-дармек каражаттарына 50%дан 90%га чейин арзандатуулар көрсөтүлгөн маалымат тактасы илинсин;

- стационардык деңгээлде маалымат такталарында жашоо үчүн маанилүү дары -дармек каражаттарынын тизмесине, клиникалык протоколдорго жана колдонмолорго ылайык акы төлөөнүн деңгээли, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын тизмеси көрсөтүлүшү керек;

- төрөт үйлөрүндө -  акысыз медициналык кызматтардын тизмеси: төрөт, анын ичинде кесарево жолу менен төрөт;

- медициналык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө уюмдун кассасында гана жүргүзүлөт. Медициналык кызматкерлерге акы төлөөгө тыюу салынат;

- маалымат такталарын окуу жана таанышуу үчүн жеткиликтүү, ыңгайлуу жерлерге (фойеде, кабылдаманын жанында, бөлүмдө) жайгаштыруу.

Маалымат такталарынын бирдиктүү мазмуну саламаттык сактоо уюмдарынын деңгээлин, медициналык кызматтардын түрлөрүн, жеңилдетилген дары-дармектерге арзандатуулардын болушун, ооруканага жаткырууда кошумча төлөм деңгээлин эске алуу менен ММК фонду тарабынан иштелип чыккан.

ММК фонду Кыргызстандын бардык тургундарына маалымат такталарында көрсөтүлгөн медициналык кызматтардын тизмесине, төлөө формасына (акысыз/кассага/кошумча төлөм) көңүл бурууну  суранат.

Медициналык кызматкер тизме боюнча медициналык кызмат көрсөтүүдөн баш тартканда же кассадан тышкары төлөмдү талап кылган учурда чара көрүү үчүн саламаттык сактоо уюмунун жетекчисине кайрылыңыз.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын башында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров саламаттык сактоо уюмдарында мамлекет тарабынан калкка медициналык кызмат көрсөтүү боюнча маалымат такталарын жаңыртуу тапшырмасын берген.

Бардык суроолор боюнча ММК фондунун 113 ишеним телефонуна саат 9.00дөн 18.00гө чейин чалыңыздар, врач-эксперттер  сиздерге жооп беришет.

No tags added.