Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

Кош бойлуу аялдарга ММК Полиси

11.03.2022

Үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна (ҮДТ), Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда (ҮМБ), Жалпы дарыгерлер практикалык борборлорунда (ЖДПБ) амбулатордук шартта камсыздандырылбаган, кош бойлуулугу боюнча каттоого турган аялдар арасында ММК Полиси акысыз таркатылат.

ММК Полиси кош бойлуу аялга амбулатордук шартта ММК Фондунун Кошумча программасынын алкагында көрсөткүчүнө жараша дарыгер жазып берген рецепттин негизинде жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз болгонго мүмүкүнчүлук берет.

Эгерде ММК Полиси менен камсыз болуу боюнча суроолор пайда болсо, ММК Фондунун «Ыкчам байланыш» 113 номерине чалып, жооп ала аласыздар.

Байланыш баардык байланыш түйүндөрүнөн акысыз.

Же болбосо ММК Фондунун Чүй аймактык башкармалыгына 0312 43-33-14, 43-33-10 номерлери аркылуу кайрылсаңыз болот.

No tags added.