Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

ММК фондунун 2023 жылдын биринчи жарым жылдыгында жарандар менен жүргүзүлгөн иштери

ММК фондунун 2023 жылдын биринчи жарым жылдыгында жарандар менен жүргүзүлгөн  иштери

Мамлекеттик кепилдиктер программасы, дары-дармек менен камсыз кылуунун кошумча программасы боюнча медициналык жардам алууда алардын укуктары жөнүндө, ММК Полиси жөнүндө, ММК фонду жана анын аймактык башкармалыктары тарабынан үзгүлтүксүз негизде коомчулук менен жолугушуулар уюштурулуп жана өткөрүлүп турат. 2023 жылдын биринчи жарым жылдыгында бардыгы болуп 537 жолугушуу уюштурулду жана өткөрүлдү, анын ичинен калк менен 259 жолугушуу, медициналык кызматкерлер менен 267 жолугушуу, бейөкмөт уюмдар менен жана айылдык ден-соолук комитеттери менен 11 жолугушуу өткөрүлдү. Республикалык жана жергиликтүү телеканалдар боюнча –67 чыгып сүйлөө, радиодо – 25, басма сөздө – 35 жарыялоо болгон.

Отчеттук мезгилде Нарын жана Чүй облустарынын телеканалдары тарабынан «Милдеттүү медициналык камсыздандыруу Полиси жөнүндө», «Амбулатордук деңгээлдеги женилдетилген дары-дармек менен камсыздоо жөнүндө» видеороликтер көрсөтүлдү, жалпысынан 1368 трансляция көрсөтүлдү. ММК Полиси жөнүндө маалымат жана видеоролик Ысык-Көл облусунун телеканалында 72 жолу көрсөтүлүп, радиосунда 51 уктуруу болгон.

Фейсбуктан тышкары социалдык тармактарда дагы расмий аккаунттар бар - Instagram (https://www.instagram.com/foms_kg/) жана Telegram каналы (https://web.telegram.org/k/).

Биринчи жарым жылдыгында жалпысынан 26 пресс-релиз, 65 видео-релиз, 98 жаңылык материалдары даярдалып, социалдык тармактарга жайгаштырылды. ММК фонду менен келишим боюнча иштеген бардык саламаттык сактоо уюмдарынын маалымат такталарында ММК фондунун Шыр байланыш кызматы тууралуу маалыматты чагылдырган плакаттар илинген.