Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

ММК фондунун 2022 жылдын 1 кварталында жарандардын кайрылуулары боюнча жургүзүлгөн иштер

2022-жылдын 1 кварталында ММК фондуна жарандардан 4636 кайрылуу келип түшкөн, анын ичинде 113  Шыр байланышына – 4271 кайрылуу; ММК фондунун аймактык башкармалыктарына – 33 оозеки кайрылуу, кат жүзүндө – 66, коомдук кабылдамага каттагандар – 181, электрондук - 20, on-line режиминде сайт аркылуу –65.

Кайрылуулардын негизги бөлүгү Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында медициналык кызмат алуу, кошумча төлөм төлөө, коронавирус, ММК полисин сатып алуу, жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз кылуу, камсыздандыруу статусун текшерүү, гемодиализ кызматы ж.б. маселелер боюнча кеңеш суроо иретинде келип түшкөн кайрылуулар болуп эсептелет.  

10 даттануу келип түштү, анын ичинде 3 (30%) тастыкталды. Бардык даттануулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө каралып чыкты.  Даттанууларды карап чыгуунун жыйынтыктары боюнча төмөнкүдөй чаралар көрулдү: сын-пикир айтылды –  1 учурда; 6 учурда эскертүү берилди; 1 учурда этика боюнча комиссияда каралды.

Баардык кайрылууларга телефон аркылуу консультациялар жана кат жүзүндө жооптор берилген, ошондой эле бейтаптарга специалистерден консультация алууга жана ооруканаларга жатууга жардам көрсөтүлгөн.