Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

ММК фондунун 2022 жылы жарандар менен жүргүзүлгөн иштери

Мамлекеттик кепилдиктер программасы, коронавирус, дары-дармек менен камсыз кылуунун кошумча программасы боюнча медициналык жардам алууда алардын укуктары жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу үчүн, медициналык кызмат көрсөтүү системасындагы көйгөйлөрдү аныктоо жана чечүү максатында, ММК фонду жана анын аймактык башкармалыктары тарабынан үзгүлтүксүз негизде коомчулук менен жолугушуулар уюштурулуп жана өткөрүлүп турат. 2022 жылы бардыгы болуп 812 жолугушуу уюштурулду жана өткөрүлдү, анын ичинен калк менен 327 жолугушуу, медициналык кызматкерлер менен 469 жолугушуу, бейөкмөт уюмдар менен жана айылдык ден-соолук комитеттери менен 16 жолугушуу өткөрүлдү. Республикалык жана жергиликтүү телеканалдар боюнча – 78 чыгып сүйлөө, радиодо – 35, басма сөздө – 49 жарыялоо болгон.

ММК Полиси жөнүндө маалымат жана ролик Ысык-Көл жана Талас облустарынын радиодон жана телевидениядан берилген. Отчет убагында 336 жолу маалымат берилген.

Фейсбуктан тышкары социалдык тармактарда дагы расмий аккаунттар бар - Instagram (https://www.instagram.com/foms_kg/) жана Telegram каналы (https://web.telegram.org/k/).

2022 жылы жалпысынан 300 пресс-релиз, 133 видео-релиз, 185 жаңылык материалдары даярдалып, социалдык тармактарга жайгаштырылды.

ММК фонду менен келишим боюнча иштеген бардык саламаттык сактоо уюмдарынын маалымат такталарында ММК фондунун Шыр байланыш кызматы тууралуу маалыматты чагылдырган плакаттар илинген.