Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

2022-ЖЫЛДЫН АПРЕЛЬ АЙЫНА КАРАТА БИРДИКТҮҮ ТӨЛӨӨЧҮ СИСТЕМАСЫН КАРЖЫЛОО ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу ММК фонду тарабынан 2022-жылдын апрель айында Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо 1 930 081,6миң сом суммасында жалпы каржылоо жүргүзүлдү, анын ичинде:

- Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча калкка көрсөтүлгөн медициналык кызматтар үчүн 870 646 миң сом суммасында;

- үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана жалпы практикадагы врачтардын айлыгын 1 июлунан баштап көбөйтүүгө март айы үчүн 766 964,8 миң сом;

-жеке менчик медициналык борборлорго жеңилдетилген гемодиализ кызматын көрсөткөндүгү үчүн 116 216,9 миң сом суммасында каражат багытталган;

- Оорунун очогунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине жана ишке тартылган адамдарга 2022-жылдын февраль айына үчүн компенсациялык төлөмдөр 3 365,5 миң сомду түздү;

-Мамлекеттик кепилдик программасынын артыкчылыктуу дары-дармек менен камсыз кылуу кызматы боюнча келишим түзгөн фармацевтик компанияларга 5 004, 8 миң сом;

-Мамлекеттик кепилдик программасынын артыкчылыктуу дары-дармек менен камсыз кылуу кызматы боюнча келишим түзгөн фармацевтик компанияларга 31 733,5 миң сом;

Ошондой эле, акы төлөнүүчү медициналык кызматтардын айрым түрлөрүн жана медициналыкэмес кызматтарды көрсөтүүдөн саламаттык сактоо уюмдарынын атайын эсептерине 2022-жылдын апрель айына карата           94 660,2     мин сом келип түшкөн, анын ичинде калктан кошумча төлөм каражаттары катары 515 65,9 миң сом.

ММК фонду республикалык бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинен келип түшкөнкаражаттардын чегинде саламаттык сактоо уюмдарын өз убагында каржылоону камсыз кылат.