Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

2022-ЖЫЛДЫН ИЮНЬ АЙЫНА КАРАТА БИРДИКТҮҮ ТӨЛӨӨЧҮ СИСТЕМАСЫН КАРЖЫЛОО ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу ММК фонду тарабынан 2022-жылдын июнь айында Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо 1 771 835 миң сом суммасында жалпы каржылоо жүргүзүлдү, анын ичинде:

- Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча калкка көрсөтүлгөн медициналык кызматтар үчүн 1 026 761,1 миң сом суммасында;

- үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана жалпы практикадагы врачтардын айлыгын көбөйтүүгө июнь айы үчүн 743 349,3 миң сом;

-жеке менчик медициналык борборлорго жеңилдетилген гемодиализ кызматын көрсөткөндүгү үчүн 120 536,2 миң сом суммасында каражат багытталган;

-Мамлекеттик кепилдик программасынын артыкчылыктуу дары-дармек менен камсыз кылуу кызматы боюнча келишим түзгөн фармацевтик компанияларга 3 982 466 миң сом;

-Мамлекеттик кепилдик программасынын артыкчылыктуу дары-дармек менен камсыз кылуу кызматы боюнча келишим түзгөн фармацевтик компанияларга  28 526 546 миң сом;

Ошондой эле, акы төлөнүүчү медициналык кызматтардын айрым түрлөрүн жана медициналыкэмес кызматтарды көрсөтүүдөн саламаттык сактоо уюмдарынын атайын эсептерине 2022-жылдын июнь айына карата            52 628 мин сом келип түшкөн, анын ичинде калктан кошумча төлөм каражаттары катары 56 773,7 миң сом.

ММК фонду республикалык бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинен келип түшкөнкаражаттардын чегинде саламаттык сактоо уюмдарын өз убагында каржылоону камсыз кылат.