Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

Информация о финансировании организаций здравоохранения за сентябрь 2022 года

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу ММК фонду тарабынан 2022-жылдын сентябрь айында Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарын 1 445 829,7 миң сом суммасында жалпы каржылоо жүргүзүлдү, анын ичинде:

- Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча калкка көрсөтүлгөн медициналык кызматтар үчүн 1 151 810,5 миң сом суммасында;

- айлык маянанын 2021-жылдын 1 июлунан баштап көбөйтүүгө сентябрь айы үчүн -275 016,9 миң сом, 2022-жылдын 1 апрелинен баштап көбөйтүүгө сентябрь айы үчүн -477 553,9 миң сом;

-жеке менчик медициналык борборлорго жеңилдетилген гемодиализ кызматын көрсөткөндүгү үчүн 120 510,1 миң сом суммасында каражат багытталган;

-Мамлекеттик кепилдик программасынын артыкчылыктуу дары-дармек менен камсыз кылуу кызматы боюнча келишим түзгөн фармацевтик компанияларга 4 182,6 миң сом;

-Мамлекеттик кепилдик программасынын артыкчылыктуу дары-дармек менен камсыз кылуу кызматы боюнча келишим түзгөн фармацевтик компанияларга 24 129,6 миң сом;

Ошондой эле, акы төлөнүүчү медициналык кызматтардын айрым түрлөрүн жана медициналыкэмес кызматтарды көрсөтүүдөн саламаттык сактоо уюмдарынын атайын эсептерине 2022-жылдын сентябрь айына карата 105 134,4 мин сом келип түшкөн, анын ичинде калктан кошумча төлөм каражаттары катары 55 130,2 миң сом.

ММК фонду республикалык бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинен келип түшкөн каражаттардын чегинде саламаттык сактоо уюмдарын өз убагында каржылоону камсыз кылат.