Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

2023-жылдын ноябрь айы үчүн саламаттык сактоо уюмдарын каржылоо жөнүндө маалымат

2023-жылдын ноябрь айы үчүн саламаттык сактоо уюмдарын каржылоо жөнүндө маалымат

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу ММК фонду тарабынан 2023-жылдын ноябрь айында Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарын 2 359 621,4 миң сом суммасында жалпы каржылоо жүргүзүлдү, анын ичинде:

- Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча калкка көрсөтүлгөн медициналык кызматтар үчүн 1 263 291,2 миң сом суммасында;

- айлык маянанын көбөйтүүгө 2023 жылдын ноябрь айы үчүн - 740 642,3 миң сом;

-жеке менчик медициналык борборлорго жана мамлекеттик уюмдарга жеңилдетилген гемодиализ кызматын көрсөткөндүгү үчүн 208 630,5  миң сом суммасында каражат багытталган;

-Мамлекеттик кепилдик программасынын артыкчылыктуу дары-дармек менен камсыз кылуу кызматы боюнча келишим түзгөн фармацевтик компанияларга 3 272,2 миң сом;

-Мамлекеттик кепилдик программасынын артыкчылыктуу дары-дармек менен камсыз кылуу кызматы боюнча келишим түзгөн фармацевтик компанияларга 33 285,6 миң сом;

Ошондой эле, акы төлөнүүчү медициналык кызматтардын айрым түрлөрүн жана медициналыкэмес кызматтарды көрсөтүүдөн саламаттык сактоо уюмдарынын атайын эсептерине 2023-жылдын ноябрь айына карата 57 087,2 миң сом келип түшкөн, анын ичинде калктан кошумча төлөм каражаттары катары 53 412,4 миң сом.

ММК фонду республикалык бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинен келип түшкөнкаражаттардын чегинде саламаттык сактоо уюмдарын өз убагында каржылоону камсыз кылат.