2026-жылдын апрель айы үчүн саламаттык сактоо уюмдарын каржылоо жөнүндө маалымат
2026-жылдын апрель айы үчүн саламаттык сактоо уюмдарын каржылоо жөнүндө маалымат
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу ММК фонду тарабынан 2026-жылдын апрель айында Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарын 491 492,0 миң сом суммасында жалпы каржылоо жүргүзүлдү, анын ичинде:
- саламаттык сактоо мекемелерин каржылоо 456 578,1 миң сомду түздү;
- Мамлекеттик кепилдик программасынын артыкчылыктуу дары-дармек менен камсыз кылуу кызматы боюнча келишим түзгөн фармацевтик компанияларга 34 913,9 миң сом;
- Калктан түшкөн кошумча төлөм каражаттарынын жалпы суммасы 90 761,5 миң сом.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинен түшкөн каражаттардын чегинде
саламаттык сактоо уюмдарын өз убагында каржылоону камсыз кылат.