2026-жылдын июнь айы үчүн саламаттык сактоо уюмдарын каржылоо жөнүндө маалымат
2026-жылдын июнь айы үчүн саламаттык сактоо уюмдарын каржылоо жөнүндө маалымат
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу ММК фонду тарабынан 2026-жылдын июнь айында Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарын 612 539,2 миң сом суммасында жалпы каржылоо жүргүзүлдү, анын ичинде:
- саламаттык сактоо мекемелерин каржылоо 583 776,2 миң сомду түздү;
- Мамлекеттик кепилдик программасынын артыкчылыктуу дары-дармек менен камсыз кылуу кызматы боюнча келишим түзгөн фармацевтик компанияларга 28 763,0 миң сом;
- Калктан түшкөн кошумча төлөм каражаттарынын жалпы суммасы 100 003,8 миң сом.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинен түшкөн каражаттардын чегинде
саламаттык сактоо уюмдарын өз убагында каржылоону камсыз кылат.