2026-жылдын июль айы үчүн саламаттык сактоо уюмдарын каржылоо жөнүндө маалымат
2026-жылдын июль айы үчүн саламаттык сактоо уюмдарын каржылоо жөнүндө маалымат
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу ММК фонду тарабынан 2026-жылдын июль айында Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарын 931 301,9 миң сом суммасында жалпы каржылоо жүргүзүлдү, анын ичинде:
- саламаттык сактоо мекемелерин каржылоо 893 133,5 миң сомду түздү;
-алгачкы медициналык-санитардык жардамдын саламаттык сактоо уюмдарына дем берүүчү төлөмдөр суммасы 218 664,1 миң сом;
- саламаттык сактоону өнүктүрүү үчүн (ССӨФ) – 21 622,0 миң сом;
- Мамлекеттик кепилдик программасынын артыкчылыктуу дары-дармек менен камсыз кылуу кызматы боюнча келишим түзгөн фармацевтик компанияларга 38 168,4 миң сом;
- Калктан түшкөн кошумча төлөм каражаттарынын жалпы суммасы 94 169,9 миң сом.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинен түшкөн каражаттардын чегинде
саламаттык сактоо уюмдарын өз убагында каржылоону камсыз кылат.